Кубанычы менен муңу аралаш 32 жыл. Эгемен Кыргызстандын тарыхый сүрөттөрү

Бүгүн кыргызстандыктар өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгын белгилөөдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги мамлекетибиздин басып өткөн жолундагы кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.
Sputnik
Кыргыз Республикасы 1991-жылы 31-августта көз карандысыздык жөнүндө декларациясын кабыл алып, өз алдынча республикага айланган. Ал жылдары бир катар эл аралык уюмдарга туруктуу мүчө болуп, дүйнөдөгү саясий процесстерге жигердүү катышты. Жаш мамлекет 32 жылда түрдүү окуяларды башынан өткөрүп, бир далай кырларды ашты. Бул убакыт аралыгында беш президент, ондогон өкмөт башчы, спикерлер алмашты. Кыргызстандыктар кандуу Баткен, Аксы окуяларын, 2005-жылдагы Март, 2010-жылдагы Апрель окуяларына күбө болду. Пандемия маалында ак халатчандардан, чек арадагы куралдуу кагылышууларда баатыр жоокерлеринен айрылды. Кыйынчылыктарга, оор күндөргө моюн сунбаган күжүрмөн эл өз жолун улап келет.
1 / 19

Жыйын өткөргөн туңгуч президент Аскар Акаев иш маалында

2 / 19

Көз карандысыздыктын алгач жылдарында өлкө экономикалык оор абалга кептелген

3 / 19

Жаш республиканын башында тургандар: Жогорку Кеңештин төрагасы Медеткан Шеримкулов, туңгуч президент Аскар Акаев, премьер-министр Насирдин Исанов

4 / 19

Эгемендүү мамлекеттин алгачкы парламенти. Алар 90-жылдары бир топ маанилүү чечимдерди кабыл алган.

5 / 19

Өз алдынча болгон мамлекеттин жарандары эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары оор күндөрдү башынан өткөргөн

6 / 19

Эгемендүүлүк алгандан кийин кыргызстандыктар чет элдиктер менен бир топ тармакта кызматташкан. Сүрөттө сырттан экспорттолуп келген автоунаа, техникалар.

7 / 19

Репрессияга кабылган кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн сөөгүн "Ата-Бейитке" кайра көмүү учуру. 1991-жыл.

8 / 19

Ысык-Көлдөгү Кумтөр алтын кенин казууга старт берген Аскар Акаев

9 / 19

Бийлик башындагыларга нааразычылыгын билдирген жарандар. Бишкек шаары, 90-жылдар.

10 / 19

Кыргызстанда "Манас" эпосунун 1000 жылдыгы 1995-жылы эл аралык деңгээлде белгиленгенде көптөгөн чет элдиктер келген

11 / 19

Көз карандысыздык алгандан кийин сырттан инвестициялар тартылган. Сүрөттө борбор калаада түркиялык ишкерлер ачкан май куюучу жай.

12 / 19

90-жылдары эл курсак тойгузуунун түрдүү жолун издеген

13 / 19

Баткен окуясында жабыркагандарга гуманитардык жардам чогулткан кыргызстандыктар

14 / 19

Кыргызстандын улуттук валютасы. Анда бир сом 200 рубль же төрт долларга барабар болгон

15 / 19

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары дипломатиялык алака алдыга жылган

16 / 19

Базар экономикасын өздөштүрүп алдыга жылууга аракет кылган кыргызстандыктар. "Дордой" базарына келген Бишкек шаарынын мэри Борис Силаев.

17 / 19

Тажикстандагы жарандык согуштан Кыргызстанга качып келген качкындар. Аларды кыргыз бийлиги кезинде камкордугуна алган.

18 / 19

32 жылда Кыргызстанда беш президент, ондогон өкмөт башчы алмашты

19 / 19

Кыргызстан далай окуяларды башынан өткөрүп, көп мамлекеттердин катарында сапарын ишеничтүү улантып келет

Тема боюнча:
Жарым кылымда 12 миң адис даярдаган. Авиациялык институтка 50 жыл толду
Илимдин чордону болгон Улуттук академияга 80 жыл. Архивдик ирмемдер
Борбор Азияны көмүр менен камсыздаган Кызыл-Кыя. Шаардын архивдик сүрөттөрү