Опера жана балет театры кантип курулган? Сейрек архивдик ирмемдер

Борбор калаада Опера жана балет театры мындан 81 жыл мурун негизделген. Sputnik Кыргызстан агенттиги ири маданий жайдын архивдик сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik
Театрдын чыгармачыл жамааты кезинде далай декада, маданият күндөрүнө катышып, гастролдорго чыгып кыргыз маданиятын дүйнөгө тааныткан. Академиялык театрдан композиторлордон: Абдылас Малдыбаев, Мукаш Абдраев, Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов, опера ырчыларынан: Болот Миңжылкыев, Сайра Кийизбаева, Кайыргүл Сартбаева, Анвар Куттубаева, Дарика Жалгасынова бийчилерден: Бүбүсара Бейшеналиева, Уран Сарбагышев, Рейна Чокоева, Айсулуу Токомбаева, Чолпонбек Базарбаев сыяктуу бир топ таланттар чыккан.
1 / 15

Борбор калаада жаңы театрдын курулушуна катышкан жергиликтүү тургундар. Фрунзе шаары, 1947-жыл.

2 / 15

Фрунзедеги жаңы Опера жана балет театрынын курулушу. 1954-жыл.

3 / 15

Маданий жайдын курулушу Улуу Ата Мекендик согушка чейин эле башталган

4 / 15

Жүздөгөн жумушчу күчү тартылып салынган театр 1 100 көрүүчүгө ылайыкталган

5 / 15

Театрдын долбоорун москвалык архитектор А. Лабуренко менен П. Иванов түзгөн

6 / 15

Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында союз маалында спектакль, балеттер байма-бай коюлуп, башка республикалардан артисттер келип турган

7 / 15

Театрда чыгармачыл инсандар үчүн бардык шарттар түзүлгөн

8 / 15

Опера жана балет театрынын ички, тышкы жасалгасында улуттук баалуулуктар эске алынган

9 / 15

Аталган маданий жай союз маалында СССРдеги мыкты театрлардын бири болгон. "Болеро" балети, 1979-жыл.

10 / 15

Куттуу жайда жогорку деңгээлдеги мамлекеттик иш-чаралар да өткөрүлгөн. 1955-жыл.

11 / 15

Москвада 1958-жылы өткөн Кыргыз искусствосу менен адабиятынын экинчи декадасына барган Опера жана балет театрынын кызматкерлери (солдон оңду көздөй): Күлбүбү Мадемилова, Асанкул Куттубаев, Сайнат Жакобаева, Абдылас Малдыбаев, балерина Чолпон Жаманова, Асек Жумабаев, дирижёр Асанкан Жумакматов, театр таануучу Күмүшалиев

12 / 15

Театрдын имаратын калаа бийлиги тарыхый-маданий мурастардын катарына киргизген. Театр аллеясынын сүрөтү 1970-жылы тартылган.

13 / 15

Театрдын жамааты кезинде чет мамлекеттерге көп гастролдоп чыккан

14 / 15

1978-жылы аталган жайга анда узак убакыт иштеген белгилүү композитор Абдылас Малдыбаевдин ысымы ыйгарылган

15 / 15

Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынан кезинде бир топ СССРдин эл артисттери чыккан

Тема боюнча:
ГЭС, аэропорт, театр, шаар салган ата мекендик куруучулар. Архивдик ирмемдер
Борбор Азияны көмүр менен камсыздаган Кызыл-Кыя. Шаардын архивдик сүрөттөрү
Эмгегин эл унутпаган дарыгерлер. Ак халатчандардын архивдик сүрөттөрү
70 жылдай өмүрүн музыкага арнаган. Дирижер Жумакматовдун сүрөттөгү ирмемдери