БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Каныккан май жана кант кошулган азыктардан эртерээк баш тартуу керектигин диетолог РИА Новости агенттигине берген маегинде айтып берди.
Адис тыюу салган азыктардын катарында йогурт, таттуу быштак, быштак сыры, балмуздак, шоколаддан жасалган шире, малдын майлуу эти, иштетилген эттер (сыр, колбаса), майонез жана кетчуп бар экенин белгилеген.
Ошондой эле дарыгер туздун суткалык нормасын 5 граммга чейин азайтууну сунуштады. Ал эми шекерден такыр эле баш тарткан оң экенин билдирди. Бул азыктар организмге терс таасирин тийгизип, адамды бат карытат.
Дарыгер жаштыкты узартуунун туура жана коопсуз жолу балансталган тамактануу, кыймылда болуу, уйкуну кандыруу, стрессти азайтуу экенин айткан.