Күздүн башында суук түшөбү? Сентябрга карата аба ырайы

Жаан-чачындын айлык көлөмү Чүйдөн башка бардык облустарда климаттык нормадан төмөн болушу күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги сентябрь айына карата аба ырайынын божомолун таратып, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында абанын температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болорун билдирди.
Абанын айлык орточо температурасы Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө климаттык нормадан 1 градуска жогору болот, ал эми Ысык-Көл, Нарын облустарында, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо норманын чегинде сакталат.
Жаан-чачындын айлык көлөмү Чүй облусунда нормага жакын, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында климаттык нормадан төмөн болушу күтүлөт.

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп 18…20, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо 13…15 градус жылуу жылыйт. Ай ичинде түнкүсүн 4…9 — 14…19, күндүз 19…24 — 28…33° градус ысыйт.
Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн 1…6 — 8…13, күндүз 14…19 — 23…28 градус жылыйт. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору айтылды.

Талас облусу

Сентбярда абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп 14…16° жылуу болушу күтүлөт. Ай ичинде күндүн табы түнкүсүн 1…6 — 9…14, күндүз 15…20 градустан 25…30 градуска чейин көрөтүлөт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

Абанын айлык орточо температурасы өрөөндөрдө климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп 20…22, тоо этектеринде норманын чегинде сакталып 15…17 градус жылыйт.
Ай ичинде күндүн табы түнкүсүн 7…12 — 16…21, күндүз 18…23 — 29…34 градус болуп өзгөрүлүп турат. Тоо этектеринде абанын температурасы түнкүсүн 3…8 — 12…17, күндүз 17…22 — 27…32 градуска чейин жылыйт.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт.

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 13…15 градуста сакталат.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7 — 10…15, күндүз 12…17 — 22…27 градуска өзгөрүлүп турат. Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлөт.

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде кармалып 12…14 градус жылуу болот.
Ай ичинде түнкүсүн 1…6 — 9…14, кээ бир түндөрү -1…-3 градуска чейин төмөндөп үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз 14…19 — 23…28 градуска чейин жылуу болмокчу.
Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болот.
Пресс-борбор
Быйыл Кыргызстанда кайсы жерлер газдаштырылат