Кыргызстан менен Тажикстан Борбор Азияны өзгөртө алат. Пикир

Колумнист Кыргызстан менен Тажикстандын алакасынын калыпка түшүшү Борбор Азияга эмне берерин жана суу-энергетикалык маселелер чечилип, коопсуздукту камсыздоо үчүн эки өлкөнүн бирдиктүү позициясы канчалык маанилүү экени туурасында ой калчаган.
Sputnik
14-15-сентябрь күндөрү Душанбеде Борбор Азия (Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан, Өзбекстан) өлкө башчыларынын V консультативдик жолугушуусу өтөт. Региондогу мамлекеттердин тийиштүү органдары учурда даярдык көрүп жатышат. Азырынча "маанилүү документтер жана биргелешкен билдирүүгө" даярдыктан тышкары күн тартиби белгисиз. Анткен менен алдыда боло турчу саммит кыргыз-тажик чек арасы боюнча көйгөйдү чечүүгө эле жол ачып бербестен, буга чейин каралбаган эки тараптуу жана регионалдык кызматташуунун дагы бир өңүтүн ачып берген маанилүү иш-чарага айланууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Саясатты дипломаттар менен саясатчыларга калтыралы да, эки өлкөнүн жетекчилигинин ортосунда ишенимдин пайда болушу жана президенттердин жеке мамилесинин жакшырышы эки элдин алакасына сүрөөн болору шексиз экенин белгилейли.

Консультативдик процесс

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин 2017-жылы көтөргөн демилгеси менен (БУУ Башкы ассамблеясынын 72-сессиясындагы сөзү) башталган Регионалдык консультативдик процесс биринчи жолу 2018-жылы Астанада өтүп, аймактагы кызматташууну жандантып, транспорт, соода, экономика жана мамлекеттер аралык байланышка бөгөт болуп келген тоскоолдуктарды жойгон Борбор Азиядагы жаңы алаканы шарттаган. Өзбекстандын өз ара кызматташууга даярдыгы жана коңшулар менен пикир келишпестиктерди чечүүгө умтулушу Борбор Азиядагы абалды кескин өзгөрттү. Ошентсе да Борбор Азиянын "кызматташуунун жана өз ара түшүнүшүүнүн аймагы" болушуна ички жана тышкы эки фактор бут тосууда.
"Регионалдык консультативдик процесс" — чоң этияттык менен берилген аталыш. Бир жагынан "кызматташуу менен диалогго даярбыз" десе, экинчи тарабынан "биригүүгө" азырынча даяр эмеспиз дегенди түшүндүрөт. Мындан улам бул процессти интеграциялык деп атоо эрте, анткени аймактагы ар бир мамлекеттин улуттук кызыкчылыгы бар, жамааттык чечим үчүн суверенитеттин кайсы бир бөлүгүн садага чабууга ар кимиси ар башкача даяр.
Россия менен Кытай үчүн Борбор Азиянын кадыры артып барат. Себебине сереп

"Өз алдынчалуу интеграция" жана тышкы фактор

Тышкы фактор демекчи, консультативдик процесс көп өлкөлөр тарабынан жакшы кабыл алынган, буга өзгөчө тышкы күчтөрдүн таасиринен оолак болгон регионалдык биримдик түзүүнү эзелтен кыялданып келген Европа союзу аябай кубанган эле. Ал эми ЕБ тышкы күч деп Россияны түшүнөт. Калыстык үчүн бул тууралуу Токио 2004-жылы "БА + Япония" диалогунун алкагында айтып чыкканын кыстара кетели. Регион алкагында интеграцияны ар ким ар башка түшүнгөндүктөн Борбор Азияда биригүү деген жакында болбойт сыяктуу.
Быйыл Россия менен мамиленин татаалдашынан жана ага карата салынган санкциялардан улам ЕБ Борбор Азия мамлекеттеринен "жаңы жана чечкиндүү кадамдарды" күтүп жаткандыр, бул багытта аракеттер көрүлүп жатат. Жөнөкөй тил менен айтканда Батыш Борбордук Азияны беш өлкөнүн изоляцияланган региону, башкача айтканда, тышкы байланышын Батыш менен макулдашып турган, Россия менен Кытайдын континенталдык коммуникациясынын чок ортосундагы форпост катары көргүсү келет. Тескерисинче, евразиялык интеграциялык мейкиндик эч бир биримдиги жок эле жолдогу тоскоолдуктарды жоюп, Шанхай менен Санкт-Петербургду бириктире аларын эскерте кетели.
Анткен менен тышкы фактордун таасири анча катуу эмес — азырынча бир да мамлекет Борбор Азиядагы саясий реалдуулуктан алыстап интеграция идеясына берилип кеткен жок. Буга караганда ички фактор кыйла кооптуу болуп турат.

"Ички фактор" таасири

Ички факторго кыргыз-тажик чек арасына жана сүйлөшүү процессине байланышкан маселелер кирет. Учурда бул Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы, ошондой эле региондогу соода-экономикалык жана саясий процессине тартылган өлкөлөр менен болгон да өз ара ишеним системасына доо кетире турчу жагдай болуп турат. Афганстандагы тынчыбай жаткан кырдаалды эске алсак, кыргыз-тажик сүйлөшүүсүнүн арышы арбыбай жатканы эч кимге кереги жок чыңалууну шарттайт. Жалпы ЖККУ аймагына тийгизген таасири тууралуу айтпай тек коелу.

Диалог

Кыргыз-тажик чек арасындагы 2021-2022-жылдар аралыгындагы окуялар көптөгөн аналитикалык басылмалар жана ЖМКлар тарабынан аки-чүкүсүнө чейин каралды. Аларды кайра кароо жаңылык алып келбейт, азыр тараптар чек ара талашында аскер күчү менен опузалап же аны колдонууга мындан ары жол бербөө керектигин жакшы түшүнүп калышты. Мунун өзү чоң жетишкендик. Акыркы бир жарым жыл ичинде президенттер Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон ЖККУ, ШКУ жыйындарынын алкагында, Кытайда, бир катар көп тараптуу саммиттердин алкагында жолугушкан. Акыркы жолу ушул жылдын 2-июнунда Чолпон-Ата шаарында өткөн "ЕБ — Борбордук Азия" саммитинин алкагында кез келишти. Эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгында президенттер чек аранын 626 чакырым тилкесинин такталышына (анын 102 чакырымы акыркы 1,5 жылда такталды) канааттанганын билдиришти, бул да жакшы жышаан. Эки өлкө жетекчилеринин саясий эрки, жалпы эл аралык абал эки тарапка "урмат-сыйдын негизинде өз ара пайдалуу чечимдерди" кабыл алууга өбөлгө болуп жатканын айта кетпесек болбос.
Кыргызстан менен Тажикстандын кызматташуусу кеңейип, келечекте эки тараптуу диалогдун алкагынан чыгып кетиши толук ыктымал. Эки мамлекетти чакандыгынан, ресурска жардылыгынан улам регионалдык процесске таасир эте албайт деп келишкен. Чынында Кыргызстан менен Тажикстандын регионалдык да, андан тышкаркы да мүмкүнчүлүктөрү арбын экенин бир катар фактылар көзгө сайып көрсөтүп турат, аларды убагында туура пайдалануу келечекте Борбор Азияны өзгөртүүгө жөндөмдүү.
Батыштын Борбор Азияда чындап көздөгөнү эмне? Талдоо

Гидроэнергетика

Илимпоздордун маалыматы боюнча, 2030-жылдары Борбор Азия сугат суу эле эмес, таза суунун да тартыштыгына кептелиши мүмкүн. Суу ресурсунун туура эмес пайдаланылышы, суунун булагы болгон мөңгүгө терс таасир тийгизген экологиялык эрежелердин бузулушу — чогулуп чече турган көйгөйлүү маселе. Дал ушул жерде Борбор Азиядагы негизги суу ресурсунун булагы болгон Кыргызстан менен Тажикстандын (Амударья менен Сыр дарыя эки өлкөнүн аймагынан башталат) ролу негизги болуп саналат, аларсыз суу маселесин талкуулоо дегеле мүмкүн эмес.
Бишкек менен Душанбенин алакасынын жакшырышы Борбор Азияда гидроэнергетика тармагын жандантып, региондун суу ресурстарын пайдалануу эрежелерин иштеп чыгууга өбөлгө болот. Эки республиканын тең курулушу жүрүп жаткан Камбар-Ата — 1 (Кыргызстан), Рогун (Тажикстан) ГЭСтери бар, Кыргызстанда дагы бир катар ГЭСтер салынып жатса, Тажикстанда Нурек ГЭСи реабилитациядан өтүүдө. Аталган долбоордун баары экологияга эч кандай зыян келтирбей турганын айта кетүү кажет. Өзбекстан менен Казакстанда азыркыга чейин көмүр менен иштеген жылуулук электр станциялары бар. Мунун баары мөңгүлөргө таасир этип, көлөмүн барган сайын азайтып келет.
Региондогу өлкөлөрдүн гидроэлектр станцияларын куруп жаткан Кыргызстан менен Тажикстанды колдоосу жана акырындып ТЭЦтердин азайышы көйгөйдүн кайсы бир бөлүгүн жоет. Анткен менен эффективдүү жана коопсуз өзөктүк энергия тууралуу да ойлонуу зарыл. Мында дүйнөлүк лидер болгон Россиянын тажрыйбасын эске албай коюуга болбойт. Мисалы, Өзбекстан 2017-жылы РФ менен АЭС куруу боюнча келишимге кол койгон, 2033-жылы станция ишке берилет. Борбор Азияда өзөктүк энергетиканын өнүгүшү региондогу суу-энергетика жаатындагы олуттуу көйгөйлөргө жооп болуп бере алат.

Жөн эле сүйлөшүү эмес

Кыргыз-тажик мамилесинин потенциалы эки тараптуу форматта гана каралып келген, мунун жөнү бар. Бирок алаканы жалпы ири процесстин бөлүгү катары карасакчы? Борбор Азияда Түркиянын демилгеси менен түрк дүйнөсүн интеграциялоо долбоору жүрүп келет, мында өлкөлөрдүн интеграциясы этникалык принцип менен ишке ашууда. Азыр бул Түрк мамлекеттеринин уюму деп аталат. Бирок региондо перс этносуна кирген тажиктер да жашайт, алар, албетте, бул процесске катышпайт, аралашайын деген ниети да жок. Түркиянын көздөгөн максаты да түшүнүктүү — аймактагы ордун камсыздоо.
Бирок Борбордук Азия — бул перс жана түрк элементтери өз ара таасир эткен территория, тарыхый жактан да, маданий жактан да экөө бири-бирисиз түптөлө алмак эмес. Мындай кош таасир Борбордук Азияны өзгөчөлөнтүп турат. Акыркы 2-3 жыл аралыгында Ирандын көбүрөөк аралаша баштаганы байкалат: региондо аталган өлкөнүн товарлары, азык-түлүгү көбөйө баштады, илимий, маданий жана саясий активдүүлүгү артып барат. Бирок Ирандын Борбор Азияга карата тышкы саясий стратегиясы жок. 2023-жылдын июлунда Иран ШКУга расмий мүчө болуп, региондогу процесстердин бир бөлүгүнө айланды.
Бишкек менен Душанбенин алакасы жакшырса Борбордук Азияда түрк-перс диалогуна жол ачылышы мүмкүн. Перс этносунун өкүлү катары тажиктер жана байыркы түрк элинин өкүлү болгон кыргыздар жалпы Борбор Азия мамлекеттери жана Түркия менен Иранды кошуп, региондун тарыхый, маданий жана этникалык өзгөчөлүгүн чагылдырган кызматташуунун жаңы формалары түзүлө турган аянтча түптөй алат.
Эгер Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусун кыргыз-тажик мамилесин жакшыртуу үчүн эле эмес, жалпы регионду камтыган демилгелерди көтөрүүгө да пайдаланса Кыргызстан келечекте регионалдык жана эл аралык маселелердеги ролун кыйла жогорулата алат.
Борбордук Азияга түз санкция салуудан Батыш утпайт. Эксперт менен маек