ГЭС, аэропорт, театр, шаар салган ата мекендик куруучулар. Архивдик ирмемдер

Август айынын экинчи жумасынын жекшембисинде өлкөдө куруучулардын кесиптик майрамы белгиленип келет. Sputnik Кыргызстан ата мекендик жаратмандардын архивдик сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik
"Манас" эл аралык аэропортунун курулушу. Ага миңдеген кыргызстандык катышканКыргыз ССРинде 1954-жылы Шаардык жана айылдык курулуш министрлиги ачылып, курулуш тармагына чыйыр салынган. Союз маалында жаратмандар элет жериндеги турак-жайлардан баштап, театр, стадион, аэропорт, гидроэлектростанцияга чейин курган. Азыр ата мекендик курулуш тармагы өлкө экономикасына киреше алып келип, республиканын орчундуу социалдык маселелерин чечип келет. Алардын ишин азыр Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тескөөдө.
Тема боюнча:
Борбор Азияны көмүр менен камсыздаган Кызыл-Кыя. Шаардын архивдик сүрөттөрү
Айтылуу "Ош" базары 40 жыл мурун кантип түптөлгөн. Архивдик сүрөттөр
Дүйнөлүк ачылыштарга катышкан кыргызстандык илимпоздор. Сүрөт түрмөк
1 / 15

Жаш республиканын аймактарында курулган турак-жайлар. 1930-жыл

2 / 15

Борбор калаада курулган алгачкы көп кабаттуу турак жайлар. 1930-жыл

3 / 15

Борбор калаадагы педагогикалык окуу жайдын курулушу менен алектенген куруучулар. 1930-жыл

4 / 15

Фрунзе шаарында дыйкандар үчүн салынып жаткан үй, 1930-жыл

5 / 15

Аял куруучулар. Кыргызстанда курулган алгачкы гидроэлектростанцияларынын бири делген Ворошилов ГЭСинин (азыркы Лебединовка ГЭСи) курулушу 1942-жылы башталып, ага согуш жылдарында кыз-келиндер катышкан.

6 / 15

ГЭСтердин курулушунда күнү-түнү иштеген кесип ээлери. Токтогул гидроэлектростанциясынын курулушу

7 / 15

Бишкек — Ош унаа жолунун четиндеги тосмолорду курган куруучулар. Ош облусу, 1965-жыл

8 / 15

Борбор калаадагы цирктин имаратынын курулушу. Ага жүздөгөн жумушчулар тартылган

9 / 15

Союз маалында республиканын көпчүлүк калктуу конуштарында көп кабаттуу үйлөр курулган. Кара-Көл шаары, 70-жылдар

10 / 15

Ленинград шаарынан келген студенттер отряды Ысык-Көлдө элге үй курууда. 1970-жыл

11 / 15

Каракол шаарында 70-жылдары курулган көп кабаттуу үйлөр

12 / 15

Куруучулар бир катар объектилерди куруп мамлекеттин көптөгөн социалдык маселелерин чечкен. Сүрөттө борбор калаадагы “Ош” базардын курулушу

13 / 15

"Манас" эл аралык аэропортунун курулушу. Ага миңдеген кыргызстандык катышкан

14 / 15

Кыргыз ССРинин куруучулары башка союздук республикаларга да жардам берген. Мисалы, 1988-жылы Арменияда жер титирөө болгондо биздин куруучулар калыбына келтирүү иштерине катышкан

15 / 15

Ата мекендик куруучулар өлкөдө ири курулуштарды ишке ашырган.