БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Диетолог Орли Васид Мизрахи Доктор Питер басылмасындагы маегинде коондун ден соолукка пайдалуу жактарын санап берди.
Коон — калориясы аз, А жана С, В группасындагы витаминдерге, фолий кислотасына бай пайдалуу жемиш. Анда натрий жана май аз көлөмдө болот, ал эми калий менен фосфор, магний менен кальций көп.
Ич катууну алдын алат
Коонду тамак-ашта колдонуу менен ич катууну алдын алса болот. Мындан тышкары, бул жемиш көпкө чейин ток кармайт.
Тери менен көзгө пайдалуу
Коондогу зеаксантин жана лютеин антиоксиданттары көздү коргойт. Ошондой эле С витамини катаракта оорусун басаңдатары далилденген. Ал ошондой эле тери менен чачка керектүү болгон коллагендин түзүлүшүнө жардам берет.
Жүрөктү коргоп, холестерин менен кан басымды түшүрөт
Жемиштин курамындагы бета-каротин жүрөк кан тамыр ооруларына жана ракка кабылуу коркунучун төмөндөтөт. Ал эми клетчатка, С витамини жана калий жүрөктү коргоп, холестеринди төмөндөтөт.
Туура убакта жеңиз
Коонду башка азыктардан бөлөк, өзүнчө жеш керек. Бирок эч убакта ачкарын жебеңиз. Ал жакшы сиңиши үчүн тамактан кийин бир сааттан соң жеген сунушталат. Ошондой эле коондун артынан муздак суу, сүт же алкоголдук ичимдик ичүүгө болбойт. Анткени ашказан ооруп калышы ыктымал.