Жакынкы бир саатта жана кечинде Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот. ӨКМ эскертти

Sputnik
БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Жакынкы бир саатта жана кечинде Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө катуу шамал болору күтүлүп жатат. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетери болжолдонууда.

"Табигый кубулушка кабылган учурда коопсуз жайларда болуңуздар. Кырсык катталса же күбө болуп калсаңыз, 112 кызматына чалууну унутпаңыз", — деп айтышты ӨКМден.

30 градустан төмөндөйт. Бишкектеги бир жумага карата аба ырайы