БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Уйку жакшы каныш үчүн сөзсүз 7-8 саат уктоо керек деген сунуштама учурда актуалдуулугун жоготту. Бул тууралуу сомнолог Владимир Пак Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ар бир адамдын уктоо нормасы өзүнчө болот, 5-6 саатта деле уйкуну кандыруу мүмкүн.
"Акыркы убакта сомнологдор уйкунун нормасын чектебей калышты. Эгер мурун белгилүү бир мөөнөттө, сол капталда гана уктоо зарылдыгы айтылып келсе, азыр андай чектөөлөр жок. Адам каалашынча, каалагандай жатып алып уктай берсе болот. Башкысы, уйку каныш керек, ал эми бул үчүн адам өзүнө ылайыктап график түзүп алганы оң. Мындай учурда уктоо да, ойгонуу да жеңил болот", — деди Пак.
Дарыгердин айтымында, эртең менен турам деп бир нече саатты коюп алуу, болбосо ойгонгондон кийин деле жата берүү зыян.
"Сааттын ойготкону, албетте, жакшы, бирок аны бир эле чырылдагыдай кылып койгон оң. 5-10 мүнөт сайын ойгонуп кайра көздүн илиниши нерв системасына залакасын тийгизет. Бир ойготкондо эле туруп кетүүгө көнгөн жакшы. Ойгоо жата берүү организмди алсыратат", — деп сөзүн жыйынтыктады сомнолог.