Бишкек — Ош жолунда кар көчкүдөн коргоочу 460 метрлик тоннель курулду. Сүрөт

Галереянын бийиктиги 8,6 метр, туурасы 10,5 метрди түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда узундугу 460 метрге жеткен жаңы тоннель курулду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жолдун 246-чакырымындагы көчкүдөн сактоочу галерея (курулуш ушундай аталат) жарым-жартылай пайдаланууга берилип, бүгүн ал жерден унаалар өткөрүлдү. Объектини бир айдын аралыгында толугу менен бүткөрүү пландалууда.
1 / 3

Бишкек — Ош жолунда узундугу 460 метрге жеткен жаңы тоннель курулду

2 / 3

Маалыматка ылайык, жолдун 246-чакырымындагы көчкүдөн сактоочу галерея (курулуш ушундай аталат) жарым-жартылай пайдаланууга берилип, бүгүн ал жерден унаалар өткөрүлдү

3 / 3

Объектини бир айдын аралыгында толугу менен бүткөрүү пландалууда

Кар көчкүдөн коргоочу галереянын бийиктиги 8,6 метр, туурасы 10,5 метрди түзөт. Курулуш 2024-жылдын 30-сентябрына чейин сыноо иретинде колдонулат, башкача айтканда, эгер кандайдыр бир кемчилиги аныкталса подрядчылар өз эсебинен оңдойт.
Аталган курулушка каражатты (39, 2 миллион долларды) Япония өкмөтү гранттык макулдашуунун негизинде бөлгөн. Тоннель өзгөчө кырдаал жана жаратылыш кырсыктарынан улам жаралган тобокелдикти азайтуу максатында салынды.
Министрлик буга чейин подрядчыны тандоо боюнча тендер 2018-жылы өткөнүн белгилеп, аны япониялык DAI Nippon-Iwata Chizaki JV компаниясы утканын билдирген. 2019-жылы иш башталып, бир жыл ичинде жер казылып, жалпы жумуштун 25 пайызы бүткөн. Бирок 2020-жылы пандемиядан улам иш токтоп, былтыр кайра башталган эле.
Төө-Ашуудагы тоннель оңдолуп бүттү, 2-августта түштөн кийин чектөө алынат