БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. "Доктор Питер" басылмасы дарыгерлердин пикирине таянуу менен муун ооруларын пайда кыла турган беш адатты тизмектеп чыкты.
Көпкө чейин кыймылсыз отуруу
Эгерде сиз жумушта көбүнчө отурсаңыз, башка учурда көбүрөөк кыймылдоого аракет кылыңыз.
Сууну көбүрөөк ичиңиз
Сууну жетиштүү ичүү муундарыңыз үчүн абдан маанилүү. Эгер организмде суу аз болсо, муундарда "майлап" туруучу суюктук да тартыш болуп, кыймылдаганда оорута баштаарын эндокринолог Зухра Павлова айтты.
Бүкүрөйүү
Смартфон менен компьютер көп колдонулган учурду эске салсак, алар адамдардын душманы десек болот. Анткени киши аларды тиктеп отуруп бүкүрөйүп, моюндагы кан тамырларды кысып коёт.
Салмак
Ашыкча салмагы бар адамдардын муундары бат "чарчайт". Эндокринолог Светлана Воробьева айрыкча тизе катуу жабыркай турганын эскерткен.
Сумканы бир ийинге гана көтөрүү
Кандай гана жүк болбосун, эки колго же ийинге бирдей бөлүш керек. Мисалы, сумканы ар дайым бир гана ийинге көтөрүү булчуңдардын балансынын бузулушуна алып келет да мындан улам муун жабыркайт.