Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 40 миң тонна буудай алат

Буудайдын бир килограммынын баасы 23 сомдон бекитилген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. 2023-жылы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 40 миң тонна аштык буудай сатып аларын Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Негизги талап – товар сапаттуулугу боюнча үчүнчү класстан төмөн эмес жана илээшкектиги (клейковина) 23 пайыздан кем эмес болушу шарт.

"Министрлик тарабынан 40 миң тонна көлөмдөгү аштык буудайдын квотасы облустарга бөлүштүрүп берилген", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми илээшкектиги 23 пайыздан кем эмес буудайдын бир килограммынын баасын 23 сомдон деп Монополияга каршы кызмат бекиткен.
Радио
Мөмө-жемиш кластерин өнүктүрүү боюнча стратегиялык план иштелип чыкты