УКМК экс-министр Динара Кутманованы кармады

Жалпысынан козголгон кылмыш иши боюнча тогуз адам айыпталуучу катары кармалды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигин мурда жетектеген Динара Кутманова кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ал өзү башкарып кеткен министрликтеги бир катар коррупциялык иштерди түптөгөн, башкаларды ага жетелеген башкы уюштуруучу катары айыпталууда.
"Динара Кутманова ыйгарым укуктарга ээ болгондон кийин мамлекеттик акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кеңири коррупциялык тармакты уюштурган. Экс-министр кол алдындагы кызматкерлерди эле эмес, өзүнүн жакындарын (уулу жана сиңдиси), жакын чөйрөсүн (үй кызматкери, уулунун досу жана башкалар) тартуу менен жаратылышты жана экологияны коргоо тармагы үчүн жасалма долбоорлорду каржылоого арыз бердирген. Үч жылдын ичинде министрликке 969 миллион 568 миң сом берилген. Анын 180 миллиону мамлекеттик сатып алууларга бөлүнгөн, ал эми жаратылышты коргоо жана сактоо боюнча 110 долбоордун алкагында жеке жана юридикалык жактарга 789,5 миллион сом каралган. Каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө Кутманова кысым көрсөтүп, комиссиянын жыйындарын формалдуу өткөрткөнү тастыкталды", — деп айтылат маалыматта.
Тергөөнүн жүрүшүндө далилдер чогултулуп, коррупциялык схемалардын башка катышуучулары көрсөтмө берип, экс-министр жана башка айыпталуучулар беттештирилген.
Жалпысынан бул кылмыш иши боюнча тогуз адам айыпталуучу катары кармалган, ал эми уулу Кемелбек Кутмановду Түркиядан депортациялоо чаралары көрүлүүдө. Динара Кутманова УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Жапаров: Кутманова баласын качырыш үчүн "уурдап кетти" деп спектакль уюштуруптур