Кремль украиналык пилотсуз аппараттардын чабуулу боюнча комментарий берди

Бүгүн эртең менен Украинанын пилотсуз аппараттарынын чабуул жасоо аракетине бөгөт коюлду.
Sputnik
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Украина Россиянын аймактарына учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салууга аракет кылып келет. Бирок биздин коопсуздукту камсыздоочу кызматтар да дайым даярдыкта турушат. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.
РИА Новости билдиргендей, Песковго "чабуулдар болуп жатканына байланыштуу мамлекет башчысы тарабынан кошумча тапшырмалар берилиши керекпи?" деген суроо узатылды.
"Кереги жок. Анткени биздин аймактардын коопсуздугун камсыздоо менен алектенген адамдар дайым даярдыкта турушат жана чараларды көрүшөт. Соңку күндөрү дрондордун жардамы менен чабуул жасоо аракеттери көбөйдү. Буга байланыштуу атайын кызматтар күнү-түнү тыным албай иштеп жатышат", — деди маалымат катчы.
Эске салсак, бүгүн эртең менен Украинанын пилотсуз аппараттарынын чабуул жасоо аракетине бөгөт коюлду.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина өзүнүн үлкөн союздаштарынан ажыроодо. Жагдайга сереп