Кийинки жумада бардык облустардын башчылары жана акимдер Ысык-Көлгө чогулат

Аймактык реформалар октябрдан баштап бардык облустарда жүргүзүлө баштайт.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Кыргызстандын жети облусунун башчылары жана акимдер 28-июлда Ысык-Көлдө чогулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, бул күнү Чолпон-Атадагы резиденцияда административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу боюнча жыйын өтөт. Анда пилоттук долбоордун жыйынтыгы талкууланып, жергиликтүү бийлик органдарынын башчылары ортосунда тажрыйба алмашуу болот.
"Нарын облусунда Алтынбек Эргешов (президенттин облустагы өкүлү — ред.) толугу менен аягына чыгарды, ызы-чуусу жок ийгиликтүү болду. Элге туура түшүндүрүш керек, биз жерге, сууга, жайытка тийишкен жерибиз жок. Чиновниктерди оптималдаштырып, ар кайсы органдан алына турган маалым каттарды кыскартып жатабыз. Алтынбек Калдарович эл менен кантип сүйлөшүп ишке ашырганын айтып берет", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал административдик-аймактык реформалар октябрдан баштап бардык облустарда жүргүзүлөрүн кошумчалады.
Белгилей кетсек, былтыр сентябрда айыл аймактарды ирилештирүү боюнча пилоттук долбоор Ысык-Көлдүн Түп районунан башталган. Андан соң Нарын облусунда да жүргүзүлгөн.
Көлдө шортычан жатканыңарды көрбөйүн! Ташиев министрлерге эс алууга тыюу салды