БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кыргызстанда тоют аз камдалып жатканына байланыштуу чет өлкөгө жем-чөп сатууга тыюу салынат. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков өкмөттүн жыйынында билдирди.
Аткаминердин айтымында, быйыл өлкөдө тоют былтыркыдан 30 пайызга аз камдалууда. Мындан улам министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мындай кырдаалда фермерлерге кандай жардам бере турганын сурады.
"Тоюттун бардык түрлөрүн экспорттоого чектөө киргизебиз, азыр токтом долбоорун даярдап койдук. Былтыр да ушундай чектөө койгонбуз. Ал эми Кыргызстанга импорттолуп келе турган тоюттарга жеңилдиктерди берүү боюнча Экономика министрлиги менен сүйлөшүп жатабыз", — деди Жаныбеков.
Мындан сырткары, ал облустарга жем чыгаруучу заводдорду "Айыл банктын" каржылоосу менен курууну пландап жатканын, бирок ал бир жылда ишке ашпастыгын белгиледи.
Андан соң өкмөт башчы элеттиктер жайлоодон түшкөндөн кийин айласы кетип, малын сатууга аргасыз болбогондой шарт түзүүнү тапшырды.