Диетолог өрүктүн жүрөккө тийгизген таасирин айтты

Адис өрүк жүрөк ооруну айыктырбай тургандыгын, бирок анын иштешин жакшыртарын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Россиялык диетолог Асият Хачирова Sputnik радиосуна өрүктүн жүрөккө тийгизген таасири тууралуу айтып берди.
Адис билдиргендей, өрүк – жүрөк оорусу барлар үчүн пайдалуу, бирок айрым эрежелерди эске алуу сунушталат.
"Өрүк – жакшы жемиш, анда көптөгөн витаминдер, минералдык заттар, калий жана магний бар. Бул минералдар жүрөк-кан тамыр системасы үчүн өтө зарыл деп эсептелинип, жүрөк булчуңдарынын ырааттуу иштешине жардам берет. Эгерде адамдын жүрөк дарты бар болсо өрүк менен айыктырып жиберүү мүмкүн эмес, бирок калий топтоп алууга болот. Ошол эле учурда өрүк эле жеп калийди жетиштүү көлөмдө алууга болот деген жаңылыш ой", – деген Асият Хачирова.
Дарыгер жүрөк оорусу барлар бир күндө канча өрүк жесе боло тургандыгын да айткан.
"Ашыкча салмактагы адамдар жүрөк-кан тамыр ооруларына, кант диабетине чалдыгышы мүмкүн деген гипотеза бар эмеспи. Ошондуктан күнүнө 400 граммдан ашса зыянын тийгизет. Негизи өрүктү бир күндө 100-150 грамм жеген жетиштүү", – деген диетолог.
Гилас жайнаган мезгил. Дарыгер күнүнө канча жесе болорун айтты