ЖК төрагасы Шакиевдин бир тууган иниси Ленин районуна аким болду

Районду буга чейин Мураталы Тагаев башкарып турган, ал үч жарым ай гана иштеп кетти.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Жыргалбек Шакиев Бишкектин Ленин районуна аким болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.
Ленин районун буга чейин Мураталы Тагаев башкарып турган, ал акимдик кызматка 31-мартта келген болчу.
Жыргалбек Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин бир тууган иниси. 2021-жылдын январында Аксы районунун акимдигине дайындалган, бирок беш айдан кийин эле Чүй районуна ротацияланып келген. 2020-жылкы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого "Мекенчил" партиясы менен талапкерлигин койгон. Ага чейин жеке менчик "Бийкомпакт" компаниясынын директорунун орун басары катары иштегени маалым.
Билим берүү жана илим министринин орун басары дайындалды