Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин Украинанын НАТОго кирүү ыктымалдыгы боюнча суроого жооп берди

Президент Украинанын альянска мүчөлүгү эл аралык аренада кошумча чыңалууну шарттай турганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. – Sputnik. Киевдин НАТОго мүчө болушу Россиянын коопсуздугуна коркунуч келтирет, Украинанын өзүнүн коопсуздугун жакшыртып жибербейт. Бул тууралуу РФ лидери Владимир Путин "Россия 24" каналынын эфиринде билдиргенин РИА Новости жазды.
Президент мындан жакшы деле эч нерсе көрбөгөндүгүн кошумчалаган.
"Украинанын НАТОго мүчөлүгүнө келсек, анын РФтин коопсуздугуна коркунуч жаратарын бир нече ирет айтканбыз. Атайын операциянын себептеринин бири да Украинанын НАТОго кирүү кооптуулугу болду. Бул Украинанын өзүнүн коопсуздугун арттырып жибереринен күмөнүм бар. Жалпысынан алганда дүйнөнү мындан ары да аялуу кылып, эл аралык аренада кошумча чыңалууну шарттайт. Андыктан мындан жакшы эч нерсе көрө алган жокмун", — деген Путин.
Ал Россия баарына дайын экендигин эске салды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Вильнюстагы НАТО саммити: Украинаны кабыл алуу туурасында сөз да жок