Чыгармалары менен дүйнө кезген Султан Раев 65 жашта. Сүрөт баян

Бүгүн белгилүү жазуучу, драматург Султан Раевдин туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги калемгердин сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik
Султан Раев 1958-жылы 13-июлда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жоош айылында жарык дүйнөгө келген. Мектептен соң Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна өтпөй калып аскерге кетет. 1984-жылы борбор калаадагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. Жаш калемгер эмгек жолун "Ленинчил жаш" гезитинде кабарчы болуп баштап, "Кыргызстан маданияты", "Жаштык жарчысы", "Кыргыз руху" басылмаларында эмгектенген. Андан соң АКШнын Канзас университетинин журналистика факультетинде стажировкадан өтүп 2004-2005 жылдары "Эркин Европа" жана "Азаттык" радиосунун саясий баяндамачысы болгон.
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты маданият жана маалымат министри, билим берүү жана маданият министринин орун басары, президенттин кеңешчиси кызматтарын аркалаган. Азыр ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы.
Көптөгөн эл аралык сыйлыктардын лауреатынын "Жанжаза", "Топон" романдары, "Күн кармаган бала", "Чаң жол" китептери орус, украин, француз, кытай тилинде жарык көрүп, "Кашар", "Оо, кыздар", "Суфлер", "Тайамам" спектаклдери менен "Маң", "Ханышанын көз жашы", "Барсбек" "Илек-илек", "Таажы" драмалары бир топ чет элдик театрларда коюлган.
1 / 17

Султан Раев кинорежиссёр болууну самаган. Бирок Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна өтпөй калган

2 / 17

Аскерден келген соң Кыргыз мамлекеттик улуттук университеттин журналистика факультетин бүтүрүп, кабарчы болуп иштей баштаган

3 / 17

Студент кезинде "Жаңырык" деген музыкалык топто бас гитарада ойноп, эл алдына ырдап чыккан жайы бар

4 / 17

Раев бир катар басылмаларда кабарчы болуп иштеген. Сүрөттө кесиптештери менен

5 / 17

Жазуучу 90-жылдары "Кыргыз руху" басылмасын негиздеп иштеткен

6 / 17

Раев белгилүү акын, адабий сынчы Камбаралы Бобулов менен

7 / 17

Жаштык кез. Султан Раев, Өмүрбек Абдрахманов, Табылды Эгембердиев

8 / 17

Калемгер Кыргыз Республикасынын Баатыры, залкар манасчы Жусуп Мамай менен

9 / 17

СССРдин эл артисти, белгилүү режиссер Болот Шамшиевди АКШда коштоп жүргөн учуру

10 / 17

Раев 2007-жылы "Ханышанын көз жашы" спектакли үчүн Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болгон

11 / 17

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен драматург Султан Раев

12 / 17

Кичинекейлер менен ойногон коомдук ишмер

13 / 17

Залкар жазуучу апасы менен

14 / 17

КРдин эл артисти Султан Раев менен Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу жолугушуулардын биринде

15 / 17

Драматургдун көптөгөн спектакль, драмалары жергиликтүү жана чет элдик театрларда коюлуп келет

16 / 17

Раев буга чейин маданият жана маалымат министри, билим берүү жана маданият министринин орун басары, президенттин кеңешчиси болуп иштеген

17 / 17

Султан Раев азыр ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы кызматында. Сүрөттө белгилүү кинорежиссёр, Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз экөө

Тема боюнча:
Элине ак дилинен кызмат кылган. Иманкалыкованын сүрөттө калган ирмемдери
70 жылдай өмүрүн музыкага арнаган. Дирижер Жумакматовдун сүрөттөгү ирмемдери