Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЦРУнун экс-серепчиси: АКШ Киевди жабдый албайт, декабрда кырдаал кыйындайт

Серепчи кырдаал декабрдан кийин татаалдап, талаштуу боло баштаарын божомолдогон.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. АКШ снаряддарды чыгаруунун темпин Киев үчүн зарыл болгон деңгээлге чейин көтөрө албайт, Украина кышында ок-дарынын жетишсиздигинен, техниканын жана жумушчу күчүнүн чоң жоготууларынан улам жеңилүүгө учурайт. Мындай пикирин ЦРУнун мурдагы серепчиси Ларри Жонсон алып баруучу Эндрю Наполитано менен маектешип жатканда билдиргенин РИА Новости жазды.
Украинанын контрчабуулунун жыйынтыгы тууралуу суроого Жонсон "көптөгөн техникасы талкаланды, бул — Украина үчүн кыйроо" деп жооп берген.
Ал, мындан сырткары, Киев бийлиги аскерлеринен айрылганын айткан.
"Баарынан жаманы — тирүү адамдарынан айрылганы. Каза тапкандар менен жаракат алгандар көп. Алар Россия аймагына кирип бара албай же кандайдыр бир илгерилөөнү жасай албай жатышат. Эки чакырымдай бул жерге, дагы бир чакырымдай ал жерге жылышты. Бирок коргонуунун биринчи чегине (РФ — ред. ) алигече жете элек", — деген аналитик.
Анын айтымына караганда, АКШ индустриаялык мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.
"Кирби (АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешиндеги стратегиялык коммуникациялардын координатору Жон Кирби – ред.) өндүрүштү жогорулата баштаганыбызды жар салды. Мен айтып коеюн, бир жылдан кийин Украина бир айда атып бүтүп койгон снаряддарды да чыгара албай калабыз. Бул көрүнүп турган эле нерсе. Америка жакынкы келечекте Украинанын согушуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн жетиштүү артиллериялык снаряддарды эч качан чыгарбайт", — деген Жонсон.
Серепчи кырдаал декабрдан кийин кыйындап, талаштуу боло баштаарын белгилеген.
"Себеби техникасын, аскерлерин улам жоготуп жаткан Украина бул согушту андан ары алып кете албайт", — деген ЦРУнун экс-аналитиги.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Эксперт: жылдын аягына чейин Украина жок болуп калышы мүмкүн