Таксистке 14 ирет бычак урган. Бишкектин четиндеги үрөй учурган окуя

Милиция кылмышкердин атын-жөнүн аныктап, анын артынан түштү.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Сокулук районунда жүргүнчү таксистке 14 ирет бычак урганын Чүй облустук милициясынан айтышты.
Эркек киши Бишкектеги Туңгуч кичи районунан таксиге отуруп, айдоочудан Новопавловка айылына жеткирип коюуну өтүнгөн. Алар белгиленген жерге жеткен соң кылмышкер айдоочуга бычак менен кол салган. Автоунаанын ачкычын алууга аракет кылып, бирок таксист каршылык көрсөтүп, салондон чыга качканга үлгүргөн. Кол салган адам из жашырган. Таксисттин ооруканага жаткырылганы, 14 жерине бычак жегени айтылды.
Милициядан кылмышкердин атын-жөнү аныкталганын, учурда тартип сакчылары кармоо үчүн артынан түшкөнүн айтышты.
Шылуундардын өзүн алдап пенсионердин акчасын кайтарган кыргызстандык таксист. Видео