Sputnik Кыргызстан агентиги Клавдия Антипина тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Фрунзеге куулган. Белгилүү советтик илимпоз, этнограф Клавдия Антипина 1904-жылы 5-майда Россиянын Саратов облусунун Балашовский районундагы Турки айылында жарык дүйнөгө келген. Балалыгы жакындары менен Москва шаарында өтүп, ата-энесинин көмөгү менен Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин антропология факультетин аяктаган. Жогорку билимдүү адис бир басылманын редакторунун жардамчысы болуп эмгек жолун баштап, 1932-жылы турмушка чыккан. Бирок беш жылдан кийин жолдошу эл душманы деп атылып, Клавдия беш жаштагы баласы менен Кыргызстанга айдалган.
Министрге тил үйрөткөн Клавдия. Фрунзеге келген 33 жаштагы жесир аял тааныш-билиши, жакындары жок болгондуктан алгачкы күндөрү уулу менен сарайда жашап жүрүп, кийин чакан жер тамга көчкөн. Бөтөн жерде бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөрүп, жергиликтүүлөрдүн турмушун, кооз жаратылышын сүйүп калат. Эптеп курсак тойгузуп, баласын бакканга аракет кылган эне башында Кыргыз ССРинин байланыш министрине орус тилинен сабак берип иштейт. Кийин борбор калаадагы мектептердин бирине жумушка кирип, андан соң Эл агартуу министрлигинин алдындагы методикалык кабинеттин методисти, директору болот.
"Ак байбиче" аттыкан изилдөөчү. 1944-жылы Антипинадан "эл душманынын аялы" деген айып алынып, кайра Москвага кетүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Бирок ал Кыргызстанда эле калат. Бир күнү көчөдө кетип баратып Москвада өзү билим алган жогорку окуу жайдагы мугалимине кезигип калып, ал көптөн бери кыйналып жүргөн келинге кол сунат. Ошентип Антипина 1946-жылы Кыргыз улуттук тарых музейине кенже илимий кызматкер катары жумушка алынып, алыскы аймактарга байма-бай экспедицияларга чыгып, кыргыз маданиятына, кол өнөрчүлөрдүн эмгегине аябай кызыгып жан дүйнөсү менен кирип кетет. Антипина ошол маалда музейде жаңы бөлүмдөрдү ачып, жаңы экспонаттарды койгонго да үлгүрөт. Ал эми 1952-жылы москвалык адистер менен бирге этнографиялык экспедицияга катышат. Топтун курамында советтик көрүнүктүү археолог, этнограф, чыгыш таануучулар бар эле. Тоолуктар кыргыз маданиятын жакшы түшүнгөн Антипинаны "ак байбиче" деп коюшчу.
Улуу мурасты жыйнаган. 1962-жылы 58 жашында тарых илимдеринин кандидаттыгын жактайт. Антипинанын ал диссертациясына кыргыздын кийим-кече, үй буюмдары, ат жабдыктары, казан-аяк, зер буюмдарынын жасалышы, тигилишине чейинки майда-бараты камтылган эле. Ал кезде андай өтө машакаттуу иш менен алектенгенге жергиликтүү кыргыздар өздөрү да дааган эмес. Бул эмгектер азыркыга чейин колдон-колго өтүп, ишеничтүү булак катары колдонулуп келет. Мындан сырткары, ал 30 жыл ичинде кыргыздын улуттук кийим-кече, зер боюмдары жөнүндө эскиздери менен альбом түзгөн.
Кол өнөрчүлөрдүн башын бириктирген. Этнограф экспедиция, командировкага чыккан сайын үйүнө түрдүү буюм-тайым, оокаттарды алып келе берип көп кабаттуу үйдөгү батири музейге айланган. Изилдөөчү республикадагы кол өнөрчүлөрдүн башын бириктирип, 1968-жылы борбор калаадагы "Кыял" ишканасын ачат. Андан соң атайын кесиптик училищенин ишке киришине салым кошуп, мугалимдикти аркалап далай шакирттерди тарбиялаган. Кыргыздын көркөм өнөрүн мыкты билгендиктен ага ата мекендик изилдөөчүлөр, киночулар да кеп-кеңеш сурап кайрылып турган.
Жаны тынбаган этнограф. Кыргыз маданиятын сүйгөн Антипина Кыргызстанда өмүрүнүн аягына чейин жашаган. Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер пенсияга чыккандан кийин да жаны тынбай 30дай илимий макала жарыялаган. Этнограф 1996-жылы Бишкек шаарында 92 жашында бул дүйнө менен кош айтышып, сөөгү борбор калаанын четиндеги айылдардын биринде жерге берилген.
Тема боюнча: