Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина Крым көпүрөсүн жардырганын мойнуна алды

Крым көпүрөсүндө 8-октябрь күнү жүк ташуучу автоунаа жардырылып, натыйжада жети темир жол цистернасы күйгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. 2022-жылдын күз айларында Крым көпүрөсүндөгү жардыруунун жоопкерчилиги Киев бийлигинин мойнунда. Бул тууралуу Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр Telegram каналына жазганын РИА Новости кабарлады.
"Россиялыктардын логистикасына доо кетирүү үчүн Крым көпүрөсүнө сокку урулганына 273 күн болду", — деп жазган аткаминер постуна.
Үстүбүздөгү жылдын май айында Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысы Василий Малюк Киев Крымга кеткен "логистикалык жолду бууганга" аракет жасаганын билдирип, бирок кандай чаралар көрүлгөнүн ачыктаган эмес. Ал эми өлкөнүн Чалгын кызматынын жетекчиси Кирилл Буданов инфраструктуралык объектиге жасалган чабуулдун артында атайын кызмат турат деген кинени жокко чыгарып келген.
Эскерте кетсек, Крым көпүрөсүндө 8-октябрь күнү жүк ташуучу автоунаа жардырылып, натыйжада жети темир жол цистернасы күйгөн. Мындан тышкары, көпүрөнүн машина жүрө турган эки тилкеси урап түшкөн. ФСБ бул терактыны Украинанын Буданов башында турган Чалгын кызматы жасаганын айткан. РФ лидери Владимир Путин да жардыруунун артында Киев турат деген билдирүү тараткан эле. Кийин жардыруучу түзүлүш дээрлик 22,8 тоннага жеткен курулуш полиэтилен пленкага оролуп коюлганы аныкталган. Бул иш боюнча сегиз адам кармалган болчу.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Росэнергоатом": Украина ЗАЭСке өзөктүк калдыктар менен чабуул коюу ниетинде