БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Маевка айылында (Бишкекке жакын жайгашкан) эки жөө адамды машина коюп кетти.
Окуя кечээ түнү катталган. Алдын ала маалымат боюнча, Mercedes автоунаасынын айдоочусу мас абалында болгон. Кырсыктын кесепетинен набыт болгондор бар.
Соцтармакка айдоочу ИИМдин Ички аскерлеринин кызматкери экени тууралуу маалымат тарады. Милиция муну тастыктай элек. Материалдардын бардыгы тергөөгө жөнөтүлдү.