Эмгегин эл унутпаган дарыгерлер. Ак халатчандардын архивдик сүрөттөрү

Жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде медицина кызматкерлеринин күнү белгиленет. Бул датага утурлай Sputnik Кыргызстан агенттиги ак халатчандардын архивдик сүрөттөрүн сунуштамакчы.
Sputnik
Өлкө аймагындагы эң биринчи оорукана 1878-жылы ачылып, кыргыз медицинасына чыйыр салынган. Кийин башка медициналык жайлар ачылып, элдин суроо-талабына жараша саны көбөйүп келди. Ал эми Октябрь революциясынан кийин аймактарда кошумча бөлүмдөр, медициналык институт, курорт, санаторийлер ачылган. Мунун аркасында медицина кызматкерлеринин саны да арбыды. Союз маалында Саламаттык сактоо боюнча элдик комиссариат түзүлүп, башка республикалардан адистер келип кызмат көрсөтүү, жаш адистерди даярдоо жана илим-изилдөө иштери бир топ алдыга жылган.
Учурда бул тармактагы 13 миңден ашык дарыгер, 34 миңден ашуун медайым элге кызмат көрсөтүп келүүдө.
1 / 17

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, врач-хирург Рафа Айдарбекова операция учурунда

2 / 17

Элет тургундарын текшерген ак халатчандар. Соң-Көл жайлоосу, 1959-жыл.

3 / 17

Оң жакта бейтаптын саламаттыгын текшерип отурган атактуу кардиолог Мирсаид Миррахимов

4 / 17

Белгилүү хирург, медицина илимдеринин доктору Эрнст Акрамов операция маалында

5 / 17

Белгилүү кинорежиссер Төлөмүш Океев жана чыгаан хирург Мамбет Мамакеев

6 / 17

Алыскы жайыттагы чабандардын балдарына кызмат көрсөткөнү барган дарыгерлер. 1982-жыл

7 / 17

Бейтапты тик учакка жүктөп операцияга алып бараткан ак халатчандар. Ал кезде Саламатык сактоо министрлигинин өзүнүн санитардык авиациясы иштеген. 1961-жыл

8 / 17

Тез жардам кызматында иштегендер жаранга алгачкы жардам көрсөтүүдө. Фрунзе шаары, 1964-жыл.

9 / 17

Адамдын мүмкүнчүлүгүн изилдеген окумуштуулар

10 / 17

Фрунзедеги антибиотик чыгарган заводдо иштеген фармаколог. 1969-жыл

11 / 17

Медицина илимдеринин доктору, профессор, академик Арстанбек Алтымышев фармакология лабораториясында кесиптештери менен. Фрунзе шаары, 1972-жыл.

12 / 17

Жайлоодогу чабандарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн текшерүүдөн өткөргөнү барган бригада. 1973-жыл

13 / 17

Кара-Кулжа участкалык ооруканасынын фельдшер-акушери Талайбүбү Качкычиева иш маалында. 1973-жыл

14 / 17

Далай медиктерди даярдап өстүргөн Мария Нанаева студенттери менен. Фрунзе шаары, 1981-жыл.

15 / 17

Физиология жана бийик тоолуу аймактын эксперименталдык патологиясы институтунун илимий кызматкерлери Алтын Сооданбекова менен Бурул Токтокожоева. Илимдер академиясы, 1981-жыл.

16 / 17

Кардиология илим-изилдөө институтунун кызматкерлери операция жасоодо. Фрунзе шаары, 1982-жыл.

17 / 17

"Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийинде эс алгандардын саламаттыгын текшерген кардиологдор. 1985-жыл

Тема боюнча:
Айтылуу "Ош" базары 40 жыл мурун кантип түптөлгөн. Архивдик сүрөттөр
Кыргызстандын калканы. Чек арачылар 105 жылдык мааракесин белгилеп жатат
Дүйнөлүк ачылыштарга катышкан кыргызстандык илимпоздор. Сүрөт түрмөк