Караколдо Садыр аке менен Кыдыр акенин мааракелери өтүп жатат. Сүрөттөр

Анда өлкөнүн аймактарынан келгендерге кыргыздын каада-салты көрсөтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө Садыр акенин 200, Кыдыр акенин 180 жылдык мааракелери өтүүдө. Маалыматты президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.
1 / 4

Ысык-Көлдө Садыр акенин 200, Кыдыр акенин 180 жылдык мааракелери өтүүдө

2 / 4

Маалыматты президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди

3 / 4

Каракол шаарында өтүп жаткан иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, министрлер, президенттин облустардагы өкүлдөрү, жергиликтүү жетекчилер, облустардан келген меймандар жана жергиликтүү тургундар катышууда

4 / 4

Мааракелик иш-чаралар 2-июлга чейин уланып, сынактардын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө байгелер тапшырылат

Каракол шаарында өтүп жаткан иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, министрлер, президенттин облустардагы өкүлдөрү, жергиликтүү жетекчилер, облустардан келген меймандар жана жергиликтүү тургундар катышууда.
"Маараке "Улут баскан улуу жол" аттуу фестиваль менен башталды. Учурда Каракол шаарынын борборуна 50гө жакын боз үй тигилип, ар бир дубан кол өнөрчүлүгү, кыргыздын каада-салтын көрсөтүүдө. Андан сырткары, кыргыз-казак эл аралык акындарынын айтышы Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында өтүп жатат. Каракол шаарынын борбордук скверинде манасчылар манас айтууда", — деди өкүлчүлүктөн.
Мааракелик иш-чаралар 2-июлга чейин уланып, сынактардын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө байгелер тапшырылат.
Садыр аке тууралуу 11 факты. "Оң жагында бөгүп жаткан бөрү бар" эле...