Ысыкта спорт менен алектенүү эмнеси менен кооптуу

Адис ысыкта кофе менен алкоголдон баш тарта турууга чакырды, анткени алар канды катырат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Ысыктын өзү эле организм үчүн стресс, мындай шартта денеге оорчулук келтирүү дагы ага кошул-ташыл болот. Бул тууралуу "Известияга" терапевт, диетолог Елена Тихомирова айтып берди.
"Денеге дайыма күч келтирүү жүрөк-кан тамыр системасынын иштешине терс таасирин тийгизип, кандын катышына, суунун жетишсиздигине алып келет. Мунун айынан адам чарчаңкы тартып, башы айланып, ооруп, кускусу келип, денеси карышып, оюн бир жерге топтой албайт. Ошондуктан жүрөгү ооругандар ысыкта абайлап машыгышы керек", — деди Тихомирова.
Дарыгер эртең менен же кечинде, күн кактабай турганда машыгууну сунуштады. Жеңил, денени ысытпаган кездемеден тигилген кийимдерди кийүү да маанилүү.
Ошондой эле залга жазыларда кондиционердин бар-жогун суроо керек. Сууну машыгуу учурунда гана эмес, күнү бою ичүү сунушталат. Ал эми кофе менен алкоголдон баш тарта турган оң, анткени алар канды катырат, суусатат.
Мындан сырткары, Тихомирова машыгууга чейин көп тоюп албоого чакырды.
Эркектерге курсак байлаган канчалык зыян? Урологдун түшүндүрмөсү