Sputnik Кыргызстан радиосу Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору, география илимдеринин доктору, профессор Догдурбек Чонтоев менен маек курду. Илимпоз келечекте күтүлүп жаткан суу тартыштыгын алдын алуу жана азыркы учурда кошуна мамлекеттерге сууну товар катары баалоо тууралуу ойлору менен бөлүштү.
© Sputnik / Асел Акмат
— Догдурбек Токтосартович, Кыргызстан суу тартыштыгына кептелиши мүмкүнбү?
— Тарыхта буга чейинки кагылыштар жер, кен байлык же таасир талашынан чыгып келген болсо, алдыда таза суу үчүн жаралышы ыктымал. Анткени азыркы маалда дүйнө жүзүндө 2 миллиард адам ичүүчү суунун азабын тартса, 2040-жылдардан соң бул сан 4 миллиардга жетиши мүмкүн. Кыргызстан суунун башы, бизге бул көйгөй келбейт деп божомолдоо жаңылыштык. Анткени 1990-жылдары эле Борбордук Азияны түзгөн беш мамлекетте 24 миллион калк жашаса, учурда 75 миллиондон ашты. Мунун эсебинен суу колдонуу дагы 5-6 эсеге жогорулады. Андыктан эртеби-кечпи, таза суу маселеси биз үчүн да көйгөйгө айланышы ыктымал.
— Кыргызстан өзүндө пайда болгон суунун канча пайызын кошуналарга берип келет?
— Учурда өлкөдө жылына 51 миллиард метр куб суу болсо, анын 12 миллиардын гана өзүбүз колдонуп, 39 миллиард метр кубу кошуна мамлекеттерге агып чыгып кетет. Андан Өзбекстан — 24-25 миллиард метр куб, Кытай — 7 миллиард метр куб, Казакстан — 4-5 миллиард метр куб жана Тажикстан 2 миллиард метр куб суу алат.
— Эмне үчүн биз сууну газ, көмүр сыяктуу эле товар катары баалай албайбыз?
— Анткени эл аралык келишимдерде "Суу — табигый ресурс" деп жазылып калган. Советтер Союзу учурунда мындай эмес болчу. Ал жерде Кыргызстандан суу алган кошуналар ордуна дан, көмүр, газ беришчү. Ал мезгилде Кыргызстандын суулары Борбор Азия мамлекеттеринин калкынын санына жараша бөлүнгөн. Учурда бул боюнча 1992-жылы түзүлгөн соңку келишимдин мөөнөтү аяктады. Келишим түзүлгөн 1992-1998-жылдары Кыргызстанда 4,5-5 миллион калк жашаса, азыр 7 миллионго жеттик. Андыктан аталган документтерди кайрадан карап чыгуу керек.
Эми кошуна мамлекеттер деле келечекте суу көйгөйү жараларын түшүнүп калышты. Мындан бир канча жыл мурда эле кыргыз тарап бул маселени көтөргөндө сүйлөшкүлөрү келчү эмес. Азыр кандайдыр бир тариф аныктап, сууну товар катары баалоону макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө кызыкдар экендигин билдире баштады.
Нарын дарыясын алсак, анын суусу соңку 10 жыл аралыгында 20-22 пайызга көбөйдү. Мөңгүлөрдүн интенсивдүү эрип жаткандыгынан алардын астындагы майда көлдөргө суу толуп ташкындап кетиши мүмкүн. Архивдик сүрөт
© Фото / пресс-служба президента КР
— Эртеби-кечпи бул маселе кошуналар менен ийри отуруп, түз кеңешүүнү талап кылат. Кыргызстан сууну товар катары баалоону сунуштоодон мурда аны топтоп, керек учурда сатууга кандай мүмкүнчүлүктөрү бар?
— Сууну табигый ресурс катары баалоонун бир чети туура. Анткени көмүрдү казбай турса, газды жаап койсо болот. Ал эми сууну белгилүү бир учурда гана кармап турбаса, толук кандуу көзөмөлдөө мүмкүн эмес. Мисалы, эгер Орто-Токой суу сактагычына сууну кармап турабыз дей турган болсок, анда Чүй өрөөнүн сазга айландырабыз. Андыктан азыркы маалда Кыргызстан өзүнөн агып чыккан сууларды толугу менен көзөмөлдөй албайт. Бирок Токтогул суу сактагычында эле 19,5 миллиард метр куб, башка суу сактагычтарды кошкондо жалпысынан 22 миллиард метр куб суу топтоп, жылына 13 миллиард киловатт/саат электр энергиясын өндүрүп жатабыз. Ал эми кыргызстандыктардын электр энергиясынын бир жылдык керектөөсү учурда 19 миллиард киловатт/саатты түзөт. Ошондуктан биз жетпеген бөлүгүн сатып алганга аргасызбыз. Биздин эсептөөлөр боюнча Кыргызстандын суу потенциалы менен 36-38 миллиард метр кубга чейин суу топтосок болот. Ал үчүн Камбар-Ата-1 ГЭСине 5 - 5,5 миллиард метр куб сууну кармап, ошондо Токтогул ГЭСине суу толтуруу да калыбына келет. Мындан сырткары, Камбар-Ата-2, Нарын, Куланак ГЭС каскаддары, Кытайга агып чыгып жаткан 7 миллиард метр куб сууну тосуп Сары-Жазга суу сактагыч куруп, Өзбекстанга 7 миллиард метр куб сууну берип жаткан Чаткал дарыясына ГЭС куруу менен биз жылына 36-38 миллиард метр кубга чейин суу топтой алабыз. Андан 40 миллиард киловатт/саат электр энергиясын өндүрсөк, жарымы гана калктын керектөөсүнө кетип, калганын экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүгүбүз бар.
— Өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалы жогору экени дайыма айтылып келет. Бирок Борбор Азиядагы эң чоң ГЭС бизге курулганына карабай, калктын күнүмдүк керектөөсүн соңку жылдары толук жаба албай калдык. Мындан улам биз Токтогул суу сактагычын максаттуу пайдаланып жатабызбы деген суроо жаралууда.
— Чынында Токтогул суу сактагычын Борбор Азиядагы эң чоң ГЭС деп айтсак болот. Анын бир учурда 19,5 миллиард метр куб сууну кармап туруу мүмкүнчүлүгү бар. Бул эгер Кыргызстан сугат иштерине гана иштетсе үч жылга чейин жетет деген сөз. Советтер Союзу учурунда аталган суу сактагыч энергетика өндүрүү максатында эмес, ылдыйкы мамлекеттерди суу менен камсыздоо үчүн ирригациялык режимде салынган. Бизден суу алган кошуна мамлекеттер башка каражаттар менен компенсациялап келишкен. Бул системанын бузулушу менен биз кышкысын электр энергиясын өндүрүү үчүн сууну агызып салып жатабыз да, жазда аларга керектелгенде жетиштүү көлөмдө топтоп бере албай калабыз. Ал эми июль, август айларында аларга суу көп керектелгенде көбүрөөк агызганга милдеттүүбүз. Негизи кирген суудан чыккан суу көп болбош керек. Мына ушул режимдерди жолго салып, Токтогул ГЭСинин суусун товар катары карап, Өзбекстан бизге кыш мезгилинде электр энергиясы менен бөлүшсө, биз кышкысын агызып салган сууну топтоп аларга жазда берип турсак болот. Антпесек учурда Токтогул суу сактагычы кошуналар үчүн эле иштеп жаткандай болууда. Ал эми "ГЭСтин суусун уурдап кетишти", "сатып" салышты деген сөздөр жаңылыштык. Учурда керек болсо суунун кирип-чыгышынын күнүмдүк нормасын көрсөтүп турган датчиктер коюлуп, сайтында илинип турат.
Токтогул суу сактагычын Борбор Азиядагы эң чоң ГЭС деп айтсак болот. Анын бир учурда 19,5 миллиард метр куб сууну кармап туруу мүмкүнчүлүгү бар
— Кыргызстан, Кытай биргелешип Сары-Жазга ГЭС курууну пландап жатат. Бирок учурда Кытай чек аранын өзү жагына ГЭСтерди куруп алганын картадан көрүүгө болот. Долбоор кынтыксыз ишке ашышы үчүн кандай кадамдар талап кылынат?
— Сары-Жаздын гидрологиялык потенциалы боюнча биздин институт 2006-2016-жылдар аралыгы иликтөө жүргүзгөн. Анда Кытай тарап менен биргеликте экспедициялар уюштурулуп, кайсы жерге суу сактагыч курса болору изилденген. Кытайлар 3 миллиарддай доллар бөлүп биз тарапка эки, Кытай тарапка үч ГЭС курулмак болгон. Бирок алар ГЭСтерди башкаруу пульту Кытай тарапта болот деген шартты киргизишкен. Ошол жылдары бизде Бишкек ТЭЦи жарылып, Кытайга болгон карыз маселеси көтөрүлүп, дагы карызга батып ГЭС курууну коомчулук терс кабыл алган. Жыйынтыгында биз тарап башкаруу пульттун аларда болушун каалабай жана жогорудагы социалдык маселелерден улам бул сунуштан баш тарткан. Андан соң кытайлар өздөрү тарабына суу сактагыч куруп алышты. Ага чейин Сары-Жаздын суусу аларга деле пайда алып келбей, тоолордон агып чыгып эле Такла-Макан чөлүнө сиңип кетчү. Учурда биздикилер бул чөлкөмгө ГЭС курууну пландаштырып жатканы Кытай тарапка жакпай калышы толук мүмкүн, бул табигый көрүнүш. Анткени биз суунун башында тургандыктан алардын өздөрү жакка куруп алган ГЭСтери көз каранды болуп калат. Бирок муну каскаддык ГЭСтерди куруу менен чечип, эки мамлекет орток пикирге келсе болот.
— Сары-Жаз суу сактагычынын курулушу Кытайга агып чыгып жаткан 7 миллиард метр куб сууну максаттуу пайдаланууну колго алса, Өзбекстанга да биз жылына 24-25 миллиард метр куб суу берерибизди айттыңыз. Бул кошуна мамлекетке агып чыгып жаткан сууларды Кыргызстан кантип пайдалана алат?
— Өзбекстанга жылына агып чыгып жаткан 24-25 миллиард метр куб суунун 7 миллиарды Чаткал дарыясы аркылуу кетет. Чаткал дарыясы ушул күнгө чейин жеткиликтүү иликтенбей келет. Анткени ал аймактын табияты өзгөчө коргоого алынган жер. Бирок ошол эле учурда чек арадан 10-12 чакырым алыстыкка Өзбекстан ГЭС куруп алган. Биз дагы бул дарыянын гидрологиялык мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп, суу сактагыч курсак болот.
Өзбекстанда чакан ГЭСтер көп болгону менен алар тайыз келип, суу запасы аз. Ошондой эле учурда Афганстан менен Иран да суу талашып, Иран өзү тарапка канал куруп жатат. Алар суунун нугун буруп, азыркыдан көп ала баштаса, бул Өзбекстандын да дыйкан талааларына терс таасирин тийгизет. Андыктан бул кошуна мамлекет менен да келишимдерди кайрадан карап чыгышыбыз керек.
Сары-Жаздын суусу Кытайга деле пайда алып келбей, тоолордон агып чыгып эле Такла-Макан чөлүнө сиңип кетет. Учурда биздикилер бул чөлкөмгө ГЭС курууну пландаштырып жатканы Кытай тарапка жакпай калышы толук мүмкүн
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР
— Суу тартыштыгы келечекте Кыргызстанды кыйгап өтүп кетпешин айттыңыз. Ал эми биз учурда үнөмдүү колдонуу тууралуу ойлоно да элекпиз. Демек, сууну товар катары сатуу эле эмес, кыргызстандыктарды үнөмдүү колдонууга да чакырык таштачу мезгил келип жеттиби?
— Ооба, биздин калктын ичүүчү сууну колдонуу маданияты чынында төмөн. Мындан 1-2 жыл мурда "сууга тариф коюшубуз керек" деген пикириме "сууну да сатабы" деп жаман көргөндөр болгон. Ооба, биз ичүүчү таза сууга төмөнкү бир тарифти коюшубуз керек. Бул ошол эле кошуналарга сууну товар катары сатууга негизги себеп болуп бере алат. Учурда айыл чарба багытында колдонулган сууга төлөнөт, 1,5 жылдан бери кен казган өндүрүшчүлөр да төлөй баштады. Ал эми турмуш-тиричилигине биз сууну бекер алабыз, болгону ошону жеткирип берген кызмат акысы каралган. Мындан сырткары, таза сууну үнөмдүү пайдаланууга ар бир кыргызстандык маани бериши зарыл. Бизде эң жөнөкөйү эртең менен тиш жууш үчүн эле канча сууну агызып жиберебиз, керек эмес учурда деле бөлмөлөрдө жарык күйүп турат. Мунун баарына суу коройт да. Өлкөдө суунун 90 пайыздан ашыгын айыл чарба багытында колдонобуз. Мына ушул жерде да жоготуулар көп. Дарыялардан сугатка агып келген суулар максатсыз колдонулуп, бууга айланып, жерге сиңип жана башка себептер менен 40-60 пайызы текке кетет. Биз ирригацияны жолго салышыбыз керек. Тамчылатып сугаруу, себелеп сугаруу системаларын көбөйтүшүбүз керек.
Экинчиден, биз жер алдындагы сууларды максаттуу колдонбой жатабыз. Бишкектин мисалында айта турган болсок, борбор калаа негизинен эки скважинадан суу алат. Орто-Алыш скважинасы 50 пайыздан ашыгын камсыздайт, Ала-Арчанын 30дай чакан скважиналары калган бөлүгүнө суу жеткирет. Быйыл көйгөй ушул Орто-Алыштан чыкты. 2021-жылы скважинада суунун деңгээли 15 метрге, ал эми 2022-жылы 21 метрге чейин түшүп кеткен. Ошондо биздин окумуштуулар тегерегиндеги суу сордуруп жаткан майда скважиналардын ишин токтотууну же арыктарга суу келбей жаткан учурда соңку 3-4 жыл аралыгы мэрия элге өсүмдүктөрдү ичкен суу менен сугарууга берген уруксатты алып салууну шаар бийлигине сунуштаган элек. Анткени борбордун тегерегиндеги 40тан ашык жаңы конуштардын ар бири огородун ичкен суу менен сугарганда скважинадан чоң көлөмдөгү суу кетип жатпайбы. Шаар бийлигинин тиешелүү кызматтары 10 жыл мурда канча көлөмдө суу берилип келсе, учурда деле ошондой суу келерин айтып жатышат. Демек биз калктын саны өсүп, жаңы конуштар түшүп, керектөө чоңойгонун эске албай, үнөмдүү колдонбой жаткандыктан таза суу тартыштыгы жаралууда. Бул маселеге олуттуу көңүл бурбасак жылдан-жылга күчөйт. Мисалы, былтыр Ысык-Көлдө октябрь айынын соңунда суунун деңгээли кескин азайып кетти. Биз 93 сантиметрге түшкөнүн аныктадык. Ал жаңы жылга жакын гана араң 23-24 сантиметрге көтөрүлдү. Мунун, албетте, башка да себептери болушу мүмкүн, бирок көлдүн айланасына скважиналарды чаржайыт куруп, айыл чарба багытына иштетип жатканыбыз негизги себептеринин бири деп божомолдойбуз.
Жалпысынан Кыргызстанда мөңгү астында 2000дей көл болсо, алардын 300ү учурда кооптуу абалда турат
— Окумуштуулар соңку жылдары мөңгүлөрдүн адаттан тыш ылдамдыкта эрип жатканын айтып келесиздер. Мунун себеби эмнеде?
— Күн планетасы Жерге нурун мурда кандай чачкан болсо, ошондой эле чачып турат. Башкача айтканда, климаттын өзгөрүшүнө, глобалдык ысыкка Күндүн тиешеси жок. Климаттык өзгөрүүлөрдүн негизги себеби — антропогендик кадамдар. Мындан улам 4 миң метр бийиктикке чейинки майда мөңгүлөр адаттан тыш ылдамдыкта эрип жатат. 2040-2050-жылдарга чейин дарыяларда суу мол болот. Буга мисал Нарын дарыясын алсак болот, анын суусу соңку 10 жыл аралыгында 20-22 пайызга көбөйдү. Мөңгүлөрдүн интенсивдүү эрип жаткандыгынан алардын астындагы майда көлдөргө суу толуп ташкындап кетиши мүмкүн. Жалпысынан Кыргызстанда мөңгү астында 2000дей көл болсо, алардын 300ү учурда кооптуу абалда турат. Булардын 25-30дайы кооптуулуктун биринчи чегиндеги көлдөр жана алар адамдар жашаган, өндүрүш иштеткен аймактарга туура келет. Биз климатка болгон мамилебизди олуттуу өзгөртүшүбүз зарыл.