Акын Гүлжамила Шакирова дүйнөдөн кайтты

Шакирова Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылында туулган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Белгилүү акын Гүлжамила Шакирова мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Кабарды маркумдун жакындары тастыктады.
Алардын айтымында, 68 жаштагы акын астма оорусу менен жабыркап жүргөн.
Гүлжамила Шакирова Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Токтогул атындагы адабият музейинде улук илимий кызматкер, республикалык "Кыргыз тили" коомунун "Эне тил" гезитинде кабарчы, 1993-жылдан Кыргыз мамлекеттик телерадио корпорациясында радионун "Казына" чыгармачылык бирикмесинде "Нуска" аттуу автордук программасын, "Дил жаңырыгы" программаларын эфирге даярдап, алып барчу.
1987-жылы "Сапардагы каркыра" деген алгачкы ыр китепчеси жарык көргөн.
1991-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзу жана Кыргызстан кол өнөрчүлөр союзуна мүчө болгон.
Нарын театрынын режиссёру Шамбет Мендебаиров 51 жашында көз жумду