Дарыгер балдар үчүн эң пайдалуу мөмөлөрдү атады

Мөмөлөрдүн ичинен малина баланын ичеги-карынын иштешин жакшыртып, ичти катырбайт.
Sputnik
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Санкт-Петербургдагы педиатр, балдар гастроэнтерологу Дарья Маркова балдар үчүн эң пайдалуу мөмөлөрдү атап бергенин "Известия" жазды.
Анын айтымында, 100 грамм кара карагатта 50 миллиграмм C витамини камтылат. Витаминдин бул түрү баланын иммундук системасын бекемдеп, кан тамырларды чыңдап, темир менен кальцийдин жакшы сиңишин камсыздайт. Ошондой эле кара карагатта темир көп болгондуктан кан жүгүрүп, клеткаларды жана ткандарды кычкылтек менен камсыз кылат.
Маркова темир кызыл карагатта да көп болорун айтты. Анда A витамини жана көздүн көрүүсүнө оң таасир эткен бета-каротин бар. Кызыл карагат организмде йоддун жетишсиздигин да алдын алат. Йод аз болсо бала чарчаңкы тартып, ою бир жерде болбой, акылынын өсүшү да начарлайт.
Мындан сырткары, дарыгер баланын рационуна антиоксиданттарга бай кара моюлду кошууга кеңеш берди.
Ал эми малина ичеги-карындын иштешин жакшыртат. Бул мөмө сасык тумоодо дене табын түшүрө турчу касиетке ээ.
Педиатр кара бүлдүркөндөгү K витамини сөөктүн бекем болуп өсүшүнө жардам берерин билдирди.
Дарыгер мөмөлөр аллергия чакырышы мүмкүн экенин, аны балдарга 8-9 айынан акырындан берсе болорун кошумчалады.
Жайкысын илип алма бут кийим ден соолукту талкалайт. Адистин пикири