БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Адам эмнеге дайыма өзүн катуу чарчап-чаалыккандай сезип, маанайы суз болуп турат. Бул суроого улуу британиялык дарыгер Раджа Моханга шилтеме берип "Доктор Питер" басылмасы жооп берди.
Маалыматка караганда, мындай абал төмөнкү оорулардан кабар бериши мүмкүн:
Апноэ
Башкача айтканда, уктап жаткан кезде дем албай калуу. Көбүнчө 20-30 секундга созулат, бирок оору өтүшүп кетсе 2-3 мүнөткө чейин жетет.
Аз кандуулук
Темир жетишсиздиги менен коштолгон аз кандуулук, ДССУнун маалыматы боюнча, ар бир үчүнчү адамда кездешет.
Калкан безинин көйгөйлөрү
Гипотиреоз - калкан безинин гормонунун жетишсиздиги менен байланышкан эндокриндик оору. Ал ар кандай куракта пайда болушу мүмкүн, бирок көбүнчө 45 жаштан 50 жашка чейинкилер арасында көп жолугат.
Депрессия
Бүтүндөй организмди кыйрата турчу "касиетке" ээ болгон оор илдет.
Кант диабети
Кандагы канттын деңгээлинин жогорулап кетиши.
Адистин айтымында, жогорудагы оорулардын баарынын алгачкы белгилеринин бири – чарчоо. Ошондуктан дарыгер создуктуруп жүрө бербей дароо ооруканага кайрылууну сунуштайт.