Ысык-Көлдө Садыр акенин 200, Кыдыр акенин 180 жылдыгы белгиленет

Мааракелер бир катар маданий иш-чаралар менен коштолмокчу.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунда Ысык-Көлдө Жолболду уулу Садыр акенин 200 жана Байсары уулу Кыдыр акенин 180 жылдыгына арналган "Улут баскан улуу жол" аттуу этнофестиваль өтөрүн президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.
Анын алкагында Касымалы Жантөшев атындагы облустук музыкалык драма театрында кыргыз-казак акындарынын эл аралык айтышы, "Хан боз үйлөр жана каада-салт" сынагы өтүп, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери жана шырдак дүйнөсү, этномода көрсөтүлөт. Так теке, салттуу музыка жаңырып, элдик көчө театры жана "Шайыр апалар" тобу өнөрүн тартуулайт.
"Этнофестивалды кыргыз эстрада жылдыздары коштойт, гала-концерт саат 20:00дө башталат", — деп айтылат маалыматта.
Кыдыр аке тууралуу 15 факты. Петербургда Николай IIге жолборстун күчүгүн тартуулаган