БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Россия Кыргызстандын балык жана сүт азыктарына коюлган чектөөнү алды. Бирок бул чечим кыргыз ишканаларынын бардыгына эмес, айрымдарына гана тиешелүү.
Айыл чарба министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, Ветеринардык кызматтын директору Ашырбай Жусупов менен Россельхознадзор мекемесинин жетекчиси Сергей Данкверт онлайн баарлашкан.
"Жусупов балыкты кайра иштетүүчү жана сүт ишканаларындагы эреже бузууну жоюу боюнча зарыл иш-чаралардын комплекси жүргөнүн билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми Россия тарап кыргызстандык бир нече ишканадан кайрадан товар ала баштоого даяр экенин тастыктады.
Алар:
"Нурагрорыбпром";
"Дары Природы".
Жакынкы аралыкта төмөнкү ишканалардан дагы чектөөлөр алынат:
"Ак-Булак Плюс";
"Ак-Жалга";
"Жайыл Милк";
"Ала-Тоо сүт".
Эске салсак, Россия ушул жылдын февраль айында Кыргызстандан балык, апрелде сүт азыктарын алуудан баш тарткан.