Сузакта 24 жаштагы жигитке чагылган тийип каза болду

Ал эртең менен талаада жүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Сузак районунда 24 жаштагы жигитке чагылган тийип каза болгонун маалымдады. Ал Кашка-Терек айылында талаада жумуш жасап жаткан.
Окуя Сузак милициясы тарабынан каттоого алынган. Каза болгон жигиттин жакындары арыз жазуудан жана сөөктү соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышты.
Облустук милициядан кырсык 19-июнда саат 9:30 чамасында болгонун кошумчалашты.
Бишкек — Ош жолундагы таңкы кырсык 6 адамдын өмүрүн алып кетти. Видео