Усубалиев жан тарткан маэстро. Дирижёр Асанкан Жумакматов жөнүндө 7 факты

Бүгүн СССРдин эл артисти, белгилүү дирижёр Асанкан Жумакматовдун туулган күнү. 50дөн ашык опера жана балетти оркестрлештирген маэстронун быйыл 100 жылдыгы республикалык деңгээлде белгиленүүдө.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар инсандын өмүрү, чыгармачылыгындагы кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Украинада чоңойгон. Асанкан Жумакматов 1923-жылы 16-июлда Чүй облусунун Ысык-Ата айылында жарык дүйнөгө келген. Үч жашка чыкканда атасы бай-манап деп камалып, Сибирге сүргүнгө айдалган. Алты жашында бир тууган агасы жана энеси менен Украинага жөнөтүлүп, алар Одесса облусунун Скадов районундагы Чалбасы айылында жашап, балдар үйүндө чоңойгон. Атасы Кыргызстанга келип үй-бүлөсүн таппай издеп жүрүп дайынсыз болуп кеткен. Ошентип кичинекей Асанкан өз атасын көрбөй калган. Болочоктогу дирижёр бөтөн жерде жакындары менен сегиз жыл жашап, ал жакта тил үйрөнүп, музыкага кызыгуусу күчөгөн.
Фронтто колунан айрылып кала жаздаган. Мекенине кайтып келген 16 жаштагы өспүрүм борбор калаадагы педагогикалык техникумга тапшырып, жакшы окугандыктан дароо эле экинчи курска кирген. Бир жылдан кийин Фрунзедеги музыкалык драма театрга урма аспаптар боюнча музыкант катары жумушка кирген. Ал эми 1941-жылы 17 жашында өзүнө бир жаш коштуртуп жаздырып фронтко аттанган. Жаш жигит Сталинграддагы беттешке катышып, оор жаракат алган. Согуш талаасында жарылгыч ок анын көкүрөгүнөн кирип далысынан чыгып кеткен. Дарыгерлер ага төрт жолу операция жасап, аман алып калган. Бирок ак халатчандар маэстронун колун кесмек болушат, Жумакматов "музыкантмын, дирижёрмун" деп жатып колун сактап калган.
25 жашында дирижёр болгон. Кан майдандан кайтып келген соң Москвадагы консерваториянын эки жылдык студиясында билим алып, 25 жашында Кыргыз академиялык опера жана балет театрынын дирижеру болуп дайындалат. 1952-57-жылдары кесибин жогорулатып Москвадагы консерваторияда окуп жүрүп СССРдин академиялык театрынын музыкалык жетекчиси, башкы дирижёру болуп иштеп, жогорку окуу жайды кызыл диплом менен бүтүргөн. Кесипкөй адис "Ким кантти", "Ажал ордуна", "Көкүл", "Кармен", "Алтын кыз", "Ак шумкар" музыкалык драма, комедия жана операларын сахнага койгон. Андан сырткары, 1958-жылдагы Кыргыз искусствосунун жана адабиятынын экинчи декадасынын музыкалык жетекчиси, башкы дирижёру вазийпасы жүктөлгөн.
Азербайжанда бааланган дирижёр. 60-жылдардын башында Жумакматов ошол кездеги маданият министри Күлүйпа Кондучалова менен тил табыша албай, түрдүү кысымга кабылып кызматтан кетүүгө мажбур болгон. Ишсиз калган залкар маэстрону азербайжандык кесиптеши Бакуга чакыртып, Азербайжан мамлекеттик опера жана балет театрынын дирижёру болуп иштеген. Ал окуяны жаңы бийликке келген Турдакун Усубалиев угуп калып, өзү чакыртып Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин башкы дирижёру, көркөм жетекчиси кылып дайындаган. СССРдин эл артисти ондогон жыл Кыргыз академиялык опера жана балет театрында, Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде жана улуттук филармонияда башкы дирижёр болуп эмгектенип, далай чыгармаларды оркестрлештирген.
Симфониялык оркестрди түптөгөн. 1969-жылы Кыргыз эл артистинин демилгеси менен чоң симфониялык оркестр ачылат. 80дей музыканттан турган чыгармачыл топ ири маданий, мамлекеттик иш-чараларга, филармониянын концерттерине катышкан. Ошондой эле Кыргыз мамлекеттик телевидение жана радионун алдындагы оркестр ата мекендик жана чет элдик композиторлорунун чыгармаларын, бир нече балетти оркестрлештирип "Алтын фондго" жаздырып, башка республикаларга байма-бай гастролго чыгып ири концерттерди берген. Азыр ал мамлекеттик академиялык симфониялык оркестр Асанкан Жумакматовдун ысымын алып жүрөт.
Жаны тынбаган профессор. Кыргыз Эл Баатыры чыгармачылык менен өмүрүнүн аягына чейин алектенип, узак убакыт Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында мугалимдикти аркалаган. Шакирттери Жумакматовдун эмгекчил, мыкты уюштуруучу болгондугун эскерет. Анын жетектөөсү менен КМШ өлкөлөрүндө гана эмес, бир катар батыш мамлекеттеринде концерт коюлган. Андан сырткары, ал "Токтогул", "Жамийла", "Дон Карлос", "Ромео жана Жульетта" өңдүү 50дөн ашык опера жана балеттерди оркестрлештирген. Залкар талант кайсы гана чыгармачыл жамаатта иштебесин музыканттардан темирдей бекем тартипти талап кылып, ошол эле маалда алардын таламын талашып, жаш артисттердин жашоо шартынан кабар алып, үйүнө отун-суусуна чейин жеткирген учурлары болгон.
Чыгаан шакирттердин устаты. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты өзүнүн чыгармачылык жолунда бир топ белгилүү инсандарды тарбиялап өстүргөн. Алардын арасында Болот Миңжылкиев, Кайыргүл Сартбаева, Токтоналы Сейталиев, Дарика Жалгасынова жана Керим Турапов өңдүү бир топ классик аткаруучулар бар. 70 жыл өмүрүн музыкага арнаган профессор базарга, жумушка жөө көп басып, кызматтык автоунаасын колдончу эмес. КРдин эл артисти 2008-жылдын 21-июлунда 85 жаш курагында дүйнө салган.
По теме:
Атасыз балалык, автоунаа минбеген дирижёр. Асанкан Жумакматов тууралуу 5 факты
Кыргыз дипломатиясына жол салган Казы Дыйканбаев жөнүндө 8 факт
Жетим өсүп, өз киндигин өзү кескен. Акын Шайлообек Дүйшеев жөнүндө 6 факты