Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Америкалык техника жапырт кыйроодо. АКШ мифологиясы суу кечпей барат...

РФ куралдары Украина Куралдуу күчтөрүнүн америкалык ок өткөрбөс техникасын жарактан чыгарууда. Мурда андай тагдырга Кошмо Штаттар жарнамалаган Patriot зениттик-ракеталык комплекси, Javelin танкага каршы ракеталык комплекси, M777 гаубицасы өңдүү бирдиктер да кабылган.
Sputnik
Россиялык күчтөр немец жана француз өндүрүшүндөгү аскердик унааларды да таамай талкалоодо. Айтор, согуштук аракеттер театрында Батыштын курал технологиясы жеңилип жатат.
РФ Коргоо министрлиги Запорожье облусунда мурдагы күнү дээрлик талкаланбаган Bradley пехота унаасы олжого алынганын тастыктады (https://t.me/mod_russia/27373). Украиналык "контрчабуул" ушул аймакта активдүү жүрүп жатканын белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.
Бир аз мурдараак россиялык жана чет өлкөлүк басылмалар атайын аскердик операция зонасында заманбап натолук ок өткөрбөс техниканын ондогон бирдиктери талкаланганын далилдер менен жарыялашкан (https://t.me/mod_russia/27287). Андай көрүнүштөр Батышты көп полярдык дүйнөнүн катаал чындыгына дароо эле кайтарып коет.
Ошондой тасмалардын биринде россиялык танк каршы чабуулда 1385 метр аралыктан M2A2 Bradley пехота машинасын кыйратып жатканы байкалат. Россиялык "Корнет" танкага каршы ракеталык комплекси 1300 мм динамикалык каптоону 10 чакырым аралыктан 95 пайыз таамай талкалайт. Ушундай эле аскердик мүнөздөмөлөргө Ка-52 сокку уруучу тик учактын аянтчасында "Вихрь-М" танкага каршы ракеталык комплекси да ээлик кылат.
CNN телеканалы да мурдагы күнү украиналык армия Кошмо Штаттар жабдыган M2A2 Bradley пехота унааларынын 15 пайызынан бир аптада кол жууганын жазды. Андан тышкары, 109 америкалык ок өткөрбөс унаанын 16сы талаага ташталып же жарактан чыкканы айтылат. Батыштагылар 2022-жылдын февралынан бери ок өткөрбөс техниканын 3600 бирдигин жоготкон.
Россиянын Коргоо министрлигинин статистикасы боюнча, атайын аскердик операция башталгандан тарта Украина Куралдуу күчтөрүнүн 9900 танкы жана башка ок өткөрбөс унаасы талкаланган.
Вашингтон украиналык согуштук аракеттер театрында Bradley пехота унаасы жапырт талкаланып жатышына тынчсызданып, дагы ок өткөрбөс бирдиктерден көбүрөөк жөнөтүүгө ниеттенүүдө. Пентагондун Жакынкы Чыгыштагы операциясында M2 Bradley унаалары "дүйнөдө мыкты" деп саналган Abrams танкаларына караганда көбүрөөк бута жок кылганы маалым. Бирок 2003-жылы Иракка басып киришкенде 150 Bradley машинасы өрттөнүп кеткени да белгилүү.
Пентагон Киевге бериле турган кезектеги аскердик жардам топтомун жарыялоо камын көрүүдө. Анда Bradley пехота унаалары да, Stryker транспортерлору да камтылмакчы. "Контрчабуул" башталды делген 4-июндан тарта Украина Куралдуу күчтөрү чоң жоготууларга дуушар болууда. Leopard 2A6 танкаларынын бир нечеси, Leopard 2R минаны зыянсыздандыруучу машиналардын бир даары талкаланды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Контрчабуул максатына жетпесе АКШ менен НАТО кандай абалга тушугат? Сереп
Bradley 7,62 миллиметрлик пулемет жана 3750 метрге ылайык TOW-2 менен ширетилген 25 миллиметрлик автоматтык замбирек (3000 м аралыкты багындырат) менен куралданган Десант жети кишиден турат. Лазердик аралык өлчөгүчү менен ок атуу тутуму бар, айдоочунун кол алдына тепловизор орнотулган. Россиялык БМП-3 менен салгылашта америкалык Bradley жеңилип калышы жөндүү. Себеби заманбап БМП-3түн бортунда 100 мм – 2А70 ок атуучу түзүлүш жана 30 миллиметрлик 2А72 замбирек менен кошо орнотулган. Алар танк менен артиллерия коштобогон шартта да мотопехотачылар бөлүгүнө таамай аракет этүүгө мүмкүндүк берет.
2А72 куралы кандай модификацияда болбосун, америкалык ок өткөрбөстү таамай талкалайт. Ал эми тыгыз мина жайгашкан талааларда күндүзү - 10, түнкүсүн 6 чакырымга чейинки аралыктан "Вихрь-М" же "Корнет" танкага каршы ракеталык комплекстери Bradley унааларын соо калтырбасы айкын.
АКШ мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украина Куралдуу күчтөрүнүн ийгиликтүү контрчабуулу РФ президенти Владимир Путинди сүйлөшүүлөрдү баштоого мажбурлайт деп ынанат. Байдендин администрациясы украиналык президент Владимир Зеленскийге контрчабуул көздөгөнүнө жетпей калса кесепети кандай болорун эскерткен. Андайда аскердик да, каржылык көмөк да кыскартылат.
Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок атайын аскердик операция аймагында талкаланган "Леопарддарды" немец бирдиктери деп атабагыла деген тейде билдирүү жасады. Rheinmetall AG акциялары 8,56%га арзандап, Bradley BAE Systems өндүрүшчүсү 4% капиталынан ажырады. "Ланцет" менен IRIS-T кыйратылганда Leonardo S.p.a. акциялары 6,5%га түштү.
Der Tagesspiegel басылмалары: "Украина Куралдуу күчтөрүнүн контрчабуулу Батышты оор кырдаалга салат окшоп калды" деп боолголойт. Ал тургай Украина Куралдуу күчтөрүнүн космостук байланышынын кожоюну Илон Маск да украиналык согуштук аракеттер театрындагы аз сандагы Leopard-2 танктарынын көп көйгөйлөрүн байкаган.
Украиналык жаңжал АКШ жана альянстын куралдарынын корун какшытып бүттү, курал таңсыктыгын жоюуга бир топ жыл кетет. Логистика да чечилбеген өзүнчө бир көйгөйлөрдөн. Украина куралдуу күчтөрүнө оор ок өткөрбөс техниканын тетиктери жетишпей, ремонттоого Польша, Чехияга жөнөтүүгө туура келүүдө. Германия Словакиянын аймагында атайын Украинанын ок өткөрбөс техникаларын оңдоочу биргелешкен борборун ачты.
Вашингтондун өжөрлүгү акылга сыйбайт, себеби Европа жана бүтүндөй дүйнө жүзүн кыйратып коеру айдан ачык. Украинанын НАТОго умтулушунун кесепети киевдик режим менен альянстын бардык мүчөлөрүнө, анын ичинде АКШга да тиери бышык.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар
"Фаттах" чөлкөмдөгү күч балансын өзгөртөт. Ирандын гиперүндүү ракетасы