Хирург эртеден кечке тик туруп иштөөнүн ден соолукка зыянын түшүндүрдү

Дарыгер мындай абалдын кесепеттерин азайтуунун жол-жоболоруна да токтолду.
Sputnik
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Күнүнө алты, жети, сегиз саат тик туруп иштегендер бар, мындай абал саламаттыкка зыянын тийгизет. Бул тууралуу Sputnik радиосуна россиялык хирург Армен Авакян түшүндүрүп берди.
"Айрым кесип ээлерине, мисалы, хирург, мугалим, сатуучу жана башкаларга күнүнө бир нече сааттап тик туруп иштөөгө туура келет. Мындайда биздин денебизге абдан оор келет, өзгөчө сөөк-булчуң системалары кыйналат", – деди Армен Авакян.
Хирургдун айтымында, күн сайын бир нече сааттан тик туруп көп жыл иштеген адамдарда май таман оорусу күчөйт, эртең мененкисин ал адамдын таманы катуу ооруйт. Кан тамырларга күч келгендиктен буттар шишийт, омурткаларга да күч келет.
Авакян көп убакыт туруп иштегендерге ден соолугун сактоо үчүн атайын медициналык каражаттарды колдонууну сунуштады.
"Эртеден кечке туруп иштегендер ыңгайлуу ортопедиялык батектер салынган бут кийимдерди кийгени оң. Бул таманга күч келүүдөн сактайт. Бутка компрессиялык узун байпак кийүү менен анын шишип кетүүсүн алдын алса болот. Далыны дайыма түз кармап жүрүү менен омурткага күч келтирүүдөн сактанса болот", – деди хирург.
Дарыгер омуртканын "кепилдик мөөнөтүн" жана аны узартуу жолдорун айтты