Дүйнөлүк маалымат каражаттарынын көңүлү бир жарым жыл ичинде дагы бир ирет биздин чөлкөмгө бурулду. Ай башында Чолпон-Атада "Европа биримдиги — Борбор Азия" саммити өттү. Былтыр жыл аягында Борбор Азия мамлекет башчылары "Россия — Борбор Азия" саммитине катышкан. Кийинчерээк америкалык "С5+1" (министрликтер деңгээлинде) региондогу республикалардын президенттери "Кытай + Борбор Азия" форматындагы жолугушууга Кытай Эл Республикасына чогулушкан.
Негизги дүйнөлүк оюнчулардын борбор азиялык майдандагы активдүүлүгү Украинадагы жаңжалга байланышкан татаал эл аралык-саясий кырдаал, Россияны обочолонтуу боюнча тынымсыз аракеттер, анын союздаштарына, эң оболу Борбор Азия өлкөлөрүнө кысым көрсөтүүдөн улам экени түшүнүктүү.
2022-жылдан тарта чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн баары саясий-экономикалык мейкиндигибиздин чабал жагын табууга тырышканын койбогон жамааттык Батыш көз кырында. Бир жарым жыл бою Батыш Россияга санкциялык кысым жасап, ага катар эле ачык русофобияга кынык алып калды. Европа биримдигинин кыялында Борбор Азия россиялык нерселердин баарына ачык жек көрүүгө болбосо да, санкцияларга сөзсүз кошулууга тийиш эле. Андай жагдай РФтин коопсуз геосаясий чөйрөсүн кыйла тарылтмак...
Тажрыйба көрсөткөндөй, Борбор Азия (сыртынан бейтарап) россиялык тышкы саясат үчүн көзү түз мейкиндик бойдон калып, ал эми мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги саммиттин жыйынтыктары айрыкча тышкы таасир жаатында чөлкөмгө кошумча туруктуулукту берет.
"ЕБ — БА" экинчи саммити (алгачкысы Астанада 2022-жылдын октябрында өткөн) дүйнөлүк маалымат каражаттарында төмөнкүчө чагылдырылды: Брюссель менен аймактык борбор шаарлар ынанымдуулук жетишпей турган дүйнөдөгү туруктуулук жана ишенимдүүлүктү камсыз кыла турган тыгыз алака кура алышса бири-бирине көп нерсени сунуштай алышарын моюнга алышты. Мунай, газ жана тийиштүү сырьё, ошондой эле Азия менен Европанын ортосундагы коопсуз товар транзити – бул мамилелердин эң негизги маселеси. Баары прагматикалык европалык салтка ылайык, эмне канча көлөмдө жана кандайча керектигин болушунча так, ошол эле учурда кооз кагазга ороп айтылат.
Иш жүзүндө саммит башынан эле так бир маңызга ээ болгон жок, андай мааниге да ээ боло алмак эмес. Анткени Европа биримдиги Россия менен Кытайдан айырмаланып чөлкөмгө Европанын инвестициялардан башка чөлкөмгө сунуштар нерсеси жок. Бул да анын дүйнөнүн бири-бирине көз карандылыгын камсыздоо — Global Gateway стратегиясында даана чагылдырылган көз карашына ылайык жүргүзүлөт.
Саммиттин катышуучулары да ошол стратегиянын Борбор Азия үчүн маанисин белгилешти. Транспорттук инфраструктура алкагында да европалыктар Борбор Азияда эч нерсе жаратышпайт, бирок Global Gateway өңдүү демилгелерди көтөрүү менен "дүйнөлүк жогорку талаптарга" жооп берип же же жооп бербеген тигил же бул долбоорду тастыктоо тутумун таңуулоого тырышат. Андай жол менен өздөрүнүн аралашуусун капиталдаштырып гана тим болбостон долбоорду ишке ашырууга катышкан өлкөлөрдү Европанын оң чечимдеринен көз каранды кылуу менен саясатташтырып да салышат.
Европа биримдигиндегилер Россия менен Кытайдын географиялык, тарыхый жана саясий чындыгы болгон чөлкөмдүн геосаясий өзгөчөлүгүн түшүнүп жатышканы шексиз. Аталган мамлекеттер табигый түрдө чөлкөмдөгү процесстерге ар тараптуу таасир этип, ошону менен бирге эле Борбор Азия республикалары менен биргеликте кеңири мейкиндиктин орток келечегин түптөшөт. Борбор Азия үчүн ушул тапта дайым, сыналган өнөктөш жана союздаштардын болушу абдан маанилүү.
Европа биримдиги Борбор Азия менен мамилесин өрчүтүү стратегиясынын ар кыл учурунда "кеңейтилген жана тереңдетилген стратегиялык өнөктөштүк" формалары жана башка механизмдерин (демократия, адам укуктары жана "жашыл" экономика жаатындагы көптөгөн демилгелерин айтпаганда да) сунуштап келишинин негизги себеби бар. Ал чөлкөмдүн өнүгүү маселелерин талкуулоого гана катышпастан, ага таасир этүүгө да жол бере тургандай институционалдык түрдө бекитилген, стратегиялык дайым аралашууга жетишүүгө умтулат. Анткен менен европалыктардын көйгөйү – евразиялык мейкиндиктеги кызматташуунун маңызын аңдап билбегендиктеринде. Мында Евразия элдеринин маданий, диний, этникалык байланышын айтпаган күндө да кызматташтык тарыхый жалпылыкка, салт-санааны түшүнүүгө гана эмес, мамлекет жана өкмөт башчыларынын жеке мамилелерине да негизделет эмеспи.
Май айынын башында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Москвада Улуу Жеңиш күнүн белгилөөгө жападан жалгыз чет өлкөлүк мейман катары айтылган, бирок натыйжада ал жакта Борбор Азия республикаларынын баарынын (жеке алар гана эмес) бейформал жолугушуусу болду. Пекин менен чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн баш калааларынын ортосундагы тыгыз байланыш болбосо, КЭРде "Кытай — Борбор Азия" саммити да өтмөк эмес (түркиялык лидер Режеп Эрдогандын президенттикке киришүү аземине БА мамлекеттеринин президенттеринин катышуусу деле ошондой).
Европа биримдиги бардык ар тараптуу аракеттерине карабастан Борбор Азияда эч качан "өз" боло албайт. Анан да кайсы бир формалдуу же бейформал себеп менен чөлкөмдөгү мамлекет башчылары толук курамда Жозеп Боррелдикинде чогулганын элестетиштин өзү кыйын. Ички саясаты да, Европа биримдиги тышкы саясатта да ишке ашырып жаткан баалуулуктар да Борбор Азия гана эмес, дүйнөнүн калган бөлүгүндө да калыптанып калган коомдо четке кагылат. Ыраактан азырынча жылмайып коюшканы менен европалык лидерлерге эч ким кучак жайгысы келбегени анык.
Европа биримдиги чөлкөмдөн бекем орун алуу аракеттерин токтотору арсар, анан калса келерки жылга Өзбекстанда кийинки саммитти өткөрүү пландалган эмеспи. Анткен менен Европанын Борбор Азиядагы кийинки пландарын ийне-жибине чейин эсептеп чыгуу татаал. Ошентсе да так милдеттенмелер жок "Европа биримдиги — Борбор Азия" саммитинин жарыяланган жыйынтыктары европалык тышкы саясатта эске алына турган бир катар факторлорду айгинелеп турат. Эң оболу, суу ресурстарын туруктуу колдонуу (чөлкөмдөгү кургакчылыкты эске алсак, бул кыйла орчундуу маселе), Афганистандагы кырдаал жана ал жактагы саясий жөнгө салуу, терроризм жана экстремизм маселелери, анан албетте, "Европа биримдигинин санкциялык режиминин алкагындагы тыгыз диалогдун маңызы" өңдүү маселелер...
Санкциялык режим Батыш менен Россиянын Украинадагы жаңжалынын айынан жаралган оор эл аралык-саясий жагдайды көрсөткөн жалгыз фактор болсо керек. Европа кеңешинин башчысы Шарль Мишель борбор азиялык лидерлерди Россияга каршы саясатка кошулууга чакыруу менен кыйла кескин билдирүү жасалары боолголонуп жаткан. Бирок европалык дипломатия чөлкөм менен мамилени курчутуп албоону чечкендей, кыйла кылдат жолду тандады.
Мишель менен КР президенти Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн натыйжаларын да болжоо кыйын. Мамлекет башчысы өзү саммиттин жыйынтыгы боюнча эл аралык күн тартибинин маселелеринин бир даарына, Европа биримдиги менен Борбор Азиянын ортосундагы алакага тиешелүү бир катар демилгелер менен чыкты. Ал Украинадагы жаңжалды чечүү жөнүндө, Афганистандагы кырдаал туурасында, ал жакта инклюзивдик өкмөт курамын түзүү, санариптештирүү, сууну пайдалануу маселелери, энергетика жана климатты өзгөртүү боюнча сүйлөдү.
Сыртынан саммит жай, тынч, эч кандай шаан-шөкөтсүз, "топ жарган" билдирүү жана чечимдерсиз аяктады. Анын өткөрүлүшүн Кыргызстандын соңку убакта мактанарлык деле нерсеси боло элек дипломатиясынын активине кошуп коюуга болот.
Транспорттук структуралар башчыларынын деңгээлиндеги "ЕБ — БА" форматындагы өз ара аракетинин туруктуу аянтчасын түзүү жөнүндөгү Республиканын демилгеси — Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу жаатында абдан кызыктуу кадам. Бирок европалык тараптан буга кандайдыр оң жооп кайтарылган жок. Европа биримдигиндегилер башка, алда канча маанилүү нерсеге үмүт артышууда же ал өз өнөктөштөрү менен кошумча кеңешүүгө тийиш.
Европа биримдиги эбактан бери эле тышкы саясий ролду өз алдынча ойнобой калганын, көпчүлүк учурда дүйнөнүн ар кыл чөлкөмүндөгү АКШнын кызыкчылыктары үчүн гана төлөп келе жатканын эстен чыгарбоо керек. Бирок көбүнесе Брюссель Вашингтондун Европадан Жакынкы жана Орто Чыгышка чейинки тышкы саясатынын катачылыктарынын кесепетин тартып калат.
Кытайдын Борбор Азиядагы транспорттук долбоорлору Европа биримдигине пайдалуу, себеби транспорттук агымды кайра багыттап, Европага болгон россиялык маршруттардан көз карандылыкты азайтышат. Муну КЭР менен болгон мамиледеги чыңалууга карабастан Кошмо Штаттар да кубаттайт. Бирок АКШ менен Кытайдын ортосундагы тиреш курчуп кетсе эмне болот? Европанын көз карандылыгын дагы чыңдоо – батыш дипломатиясынын жалпы маселелеринин бир гана бөлүгү.
Борбор Азияда да Европа биримдигинин өз алдынча ролу болбойт. Анын чөлкөмдөгү процесстерге жигердүү аралашуусу АКШнын тышкы саясий стратегиясынын бир бөлүгү катары гана болушу ыктымал. Россия менен Кытай артыкчылыкка ээ чөлкөмгө инвестиция салууга Кошмо Штаттардын дале эч кандай себеби жок. Европа биримдигинин акчасы түгөнсө, ага Япония, Түштүк Корея жана башка өлкөлөр өңдүү дайым башка союздаштар табылат. Кызык бир жагдайларга жараша алар көптөн бери "Борбор Азия плюс …" деген өз аянтчаларын ишке ашырып келишет.