Пресс-борбор

Кыргызстанда жаңы туристтик объектилерди үч жылга салыктан бошотуу сунушталды

Туризм департаментинин өкүлү мындай тажрыйба башка өлкөлөрдө өзүнүн натыйжалуулугун тастыктаганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Жаңы туристтик объектилерди үч жылга салыктан бошотуу сунушталганын Туризм департаментинин жетекчисинин орун басары Кыял Кенжематова Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Туризм департаментинин жетекчиси Кыял Кенжематова
Анын айтымында, сунуш Экономика министрлигине жөнөтүлдү (департамент аталган ведомствонун карамагында). Мында кеп жаңы мейманканаларды, тоо-лыжа базаларын, туристтик жана этнокомплекстерди салыктан бошотуу тууралуу жүрүүдө. Максаты — жаңы объектилерге "бутуна туруп алууга" мүмкүнчүлүк берүү.
Кенжематова ушундай эле тажрыйбаны коңшу Өзбекстан колдонуп келерин, ал өзүнүн майнаптуулугун көрсөткөнүн кошумчалады.
Пресс-борбор
Кыргызстанга быйыл 10 млн. туристтин келиши күтүлүп жатат