Кыргызстанда өзүн-өзү камсыздоого жеткидей мунай кору бар. Маек

Жакында эле күйүүчү майдын баасы 2-3 сомго кымбатташы мүмкүндүгү айтылды. Сырттан алып келинген мунайдын баасы дүйнөлүк рынокко байланыштуу өзгөрүп турат. Кыргызстан ага көз каранды.
Sputnik
Sputniк Кыргызстан агенттигинде Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техникалык илимдердин доктору, академик Дүйшөнбек Камчыбеков болду. Биз мунай менен өзүбүздү камсыздоого мүмкүнчүлүгүбүз жетиштүүбү деген темада баарлаштык.
Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техникалык илимдердин доктору, академик Дүйшөнбек Камчыбеков
— Кыргызстанда нефть өндүрүү мүмкүнчүлүгү, потенциалы кандай?
— Негизинен бул жаатта Россия менен Казакстанга көз карандыбыз. Айрым учурда мунай баасы дүйнөлүк саясатка да байланыштуу өзгөрүп калууда. Эгемендик алгандан бери өзүбүздө нефть өндүрүүчү кендер барбы, кандай иштер жүргүзүлүшү керек деген маселени изилдедик. 1990-жылдардын башында Өнөр жай министрлигинин алдында "Кыргызнефтегаз" мекемеси иштеп келген. Союз тараганда да ушул мекеме үчүн оор кырдаал жаралды. Бирок ошол кездеги жетекчилер туура жолго салып кетти. Ал жылдары аталган мекеме 70 миң тоннага чийки мунай өндүрүп келген болсо, былтыркы жылдын эсеби менен бул көрсөткүч 178 миң тоннага жетти. 2021-жылы 173 миң тонна болсо, 2020-жылы 146 миң тонна болгон. Өз керектөөбүздү камсыз кылуу үчүн жылына 1,5 миллион тонна нефть өндүрүүгө жетишишибиз керек. Бул үчүн заводдор зарыл. 1996-жылы Жалал-Абадда мунайды кайра иштетүүчү чоң завод курушкан. Ал жылына 500 миң тонна нефть чыгарууга негизделген. Бүгүнкү күндө завод иштеп жатат. "Кыргызнефтегазда" 14 мунай кени бар. Башкы кеңсеси Жалал-Абадда жайгашкан. Ал кендердин 600 скважинасы — мунай, алтоо газ өндүрөт. Бизде мунайга тиешелүү 50 объект бар. Анын 24ү иштетилип жатса, 26сы чалгындалышы керек. Кыргызстанда 1990-жылдан бери изилденип, 11 миллион тонна нефть кору бар экени айтылат. Ал эми жалпы болжолдоо боюнча, мунайдын кору 500 миллион тоннадан кем эмес. "Кыргызнефтегаз" быйыл 200 миң тонна казарын ишенимдүү айтып жатат. Эгер ушул көрсөткүчтү 500 миң тоннага көтөрсөк, түштүк аймакты толук камсыздап коёт элек.
— Буга кандай тоскоолдуктар бар?
— Учурда "Кыргызнефтегаз" мекемеси жакшы иштеп жатат. Бүгүнкү күндө болжолдуу кен объектилерине да кошумча лицензиялар берилиши керек. Азыр Алайкууда аныкталган мунай кенине лицензия алуу аракетин жасашууда. Нарындын Ак-Сай, Арпа жайлоосунда да мунай бар экени айтылат. Эгер ошол жерлерге да лицензия алып, чалгындоо иштерин жүргүзө турган болсок, кошумча нефть чыгып калышы мүмкүн. Анткени Ак-Сай менен чектешкен Кытайдын аймагында миллиарддаган тонна мунайдын запастарын табышкан. Ошол эле Ысык-Көлдө да нефтинин кени бар. Ал эми Жалал-Абаддагы мунай заводуна келген нефтинин 48 пайызы гана кайра иштетилип жатыптыр. Терең иштетүү жок. Аз көлөмдө бензин, андан бир аз көбүрөөк солярка, калганынын баары мазутка кетет экен. Биз өндүргөн күйүүчү май Европа өлкөлөрүнүн стандарттарына бир аз туура келбей турат. Ошол себептен 2025-жылга чейин заводду модернизациялоо тапшырмасы берилген. Эгер ушул аралыкта жакшылап жаңылап, сатыктагы күйүүчү майдын стандартындагы бензин, күйүүчү май чыгаруу кажет. Модернизациялоо үчүн бардык материалдар даяр, болгону каражат маселе жаратып турат. Бирок мекеме бир катар жабдыктарын жаңылап, улам сатып алып жатат. Жаңы техника менен кошумча скважиналарды казып, газ алуу планы бар. Былтыркы жылдын эсеби менен таза кирешеси эле 3,4 миллиард сом болуптур. Анын 580 миллион сомун дивиденд катары төлөшкөн. Демек, буларда каражат бар. Болгону жогорудагы иштерди аткарсак, өзүбүздү нефть менен камсыздоого акырындан мүмкүнчүлүк түзүлмөк.
— 11 миллион тонна мунайдын кору бизге беш-алты жылга жетет. Эми заводду модернизациялоого мүмкүнчүлүктөр барбы?
— Заводду модернизациялоо үчүн чакан эле каражат керек. Болжол менен 20 миллион доллардын тегерегиндеги сумманы айтып жатышат. Ал завод европалык стандартта курулган.
Жер көчө турган аймакта жашаган 2 110 бүлө жардам алса да көчпөй жатат. Маек
— Союз учурунда Фергана өрөөнүндө мунайдын кору бар экени аныкталган. Учурда Өзбекстан менен Түркмөнстан иштетип жатат, бирок Кыргызстан өз аймагындагы бөлүгүн иштетүүгө чабалдык кылууда...
— Ушул тапта "Кыргызнефтегаз" Жалал-Абад жергесинде жайгашкан мунай кендери менен иш алып барып жатат. Ал эми Баткен жана башка аймактагы кендерди бөлөк компаниялар иштетүүдө. Башында айткандай, 24 лицензия бөлүнгөн экен. Башка компанияларды бир текшерүү керек. Эгер алардан туура эмес фактылар катталса, лицензиясын "Кыргызнефтегазга" берсек болот. Булардын техникалык мүмкүнчүлүктөрү бар. 2022-жылы 70тей кошумча жаңы машиналардан тарта нефть иштетүүчү шаймандарга чейин алышкан. Алай жергеси мунай жагынан абдан ыңгайлуу. Ал жактан да лицензия алсак абдан жакшы болмок. Мисалы, Ак-Сай, Арпада толук инфраструктура жок. Нефть казган күндө да машина менен Чүйгө же Жалал-Абадга ташышыбыз керек болот, чыгымы көп. "Быйыл мунай казууну баланча тоннага жеткиришибиз керек, эмдиги жылы түкүнчөгө" дебей келечекке конкреттүү план түзүшүбүз кажет. "Кыргыз геология" мамлекеттик ишканасы тоо-кен тармагын өнүктүрүүнүн концепциясын түзүп, 2035-жылга чейинки программа жазып жатпайбы. Анын негизинде "Кыргызнефтегаз" ар беш жылдыкта жасалуучу жумуштарды белгилеп коюп турушу керек. Учурда мекемеде чалгындоо иштерин жасоого толук мүмкүнчүлүк бар жана алты бургулоочу станок иштейт.
— Ал эми адистер жагынан абалы кандай?
— "Кыргызнефтегаз" мекемеси адистерди даярдоо жагынан да план түзүп алган экен. Өздөрүнүн ичинен эле балдарды тандап, каражат төлөп берип Россиядан окутуп, адис даярдап, анан иштетет. Кайсы адис жетишпесе ушундай жол менен даярдап алуу программасы бар.
— 2022-жылдын эсеби менен Кыргызстанда 11 нефть иштететүүчү завод бар экен. Баары модернизациялоого муктаж. Булар мунайды кайдан алып иштеп келишкен?
— "Кыргызнефтегаздын" заводунан тышкары Кара-Балтадагы завод да эки жылдан бери иштебей туруп калган. Ал Казакстандан мунай алып келүү максатында тургузулган. Эми заводду модернизациялоо ниетин билдиришүүдө. Андан кийин мунай алып келүү, иштетүү шарттарынын баары сүйлөшүүнүн негизинде чечилет. 1990-жылдардын аягында Кантка жакын жерде сырттан алып келинген нефтини кайра иштетүүчү завод курулган. Мындай жол менен деле иштетсе болот. Булар өлкөдөгү үч чоң ишкана. Ал эми калгандары майда ишканалар. Эң негизгиси — келечекте биз өзүбүздү өзүбүз мунай менен камсыздоого жетишишибиз керек.
— Өзүбүздөн иштелип чыккан мунайдын кору менен сырттан келген баага таасир бере алабызбы?
— Бул эми дүйнөлүк экономиканын баасынын өсүү саясатына байланыштуу болот да. Баа эртең түшөт деп айта албайбыз. Сөзсүз түрдө өсүүнүн үстүндө болот. Бардык жашоого керектүү заттар кымбаттап жатат. Нефть өндүрүүгө керектүү шаймандарды да сырттан сатып келип жатабыз. Бирок сырттан келген мунайдын баасына көз карандылыгыбыз азаят.
— Ал эми экологияга кандай таасир этет?
— Мунай иштетүүчү заводдо Бишкек ЖЭБдикиндей түтүк жок. Газ, түтүн да жок. Түтүктөрдүн ичинде белгилүү бир температура кармалып, үч продукция бөлүп алынат. Үстү керосин, ортосу бензин жана түбү мазут. Ал сыртка чыкпай үч түтүккө бөлүнүп кетет да, дароо машиналарга куюлат. Эч кандай жыт сезилбейт. Ал эми нефть казган жай да жабык болот. Эч жерге төгүлбөйт. Экологияга зыян алып келбейт.
CASA 1000 долбоорунун курулуш иштери быйыл аяктайт. Маек