Кечээ абактан качып кеткен киши бүгүн Бишкектен кармалды

Ысык-Ата РИИБи шектүүнү билгендер жана көргөндөр болсо жакын арадагы милиция бөлүмүнө же 102 номуруна билдирип коюуну өтүнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен, оор кылмыштарга шектелген 29 жаштагы киши Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

"Ал 6-июнда Бишкек шаарынын аймагынан кармалды", — деп айтышты милициядан.

Белгилей кетсек, ИИМ оор кылмыштарга шектелген 29 жаштагы киши 5-июнга караган түнү нөөмөтчүнүн мойнуна бычак такап, колуна кишен салып, оозуна чүпүрөк тыгып, ачкычын алып качып кеткенин билдирген. Мындан улам ага издөө жарыяланган.
Бул факт боюнча Ысык-Ата райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси ("Шалаакылык") менен кылмыш ишин козгогон.
Ысык-Ата РИИБи шектүүнү билгендер жана көргөндөр болсо жакын арадагы милиция бөлүмүнө же 102 номуруна билдирип коюуну өтүнгөн.
Ал эми бүгүн окуянын жаңы жагдайлары белгилүү болуп, убактылуу кармоочу жайынан кылмышка шектүүнү качырууга көмөктөшкөн деп эки милиционер кармалганы кабарланган.
Чолпон-Атада президент кеп кылган депутат кармалды. Чоо-жайы