БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Эмне себептен жаш өткөн сайын адам жакшы уктай албай калат. Бул суроого "Доктор Питер" басылмасына берген маегинде невролог Екатерина Демьяновская жооп берди.
Адис төмөнкү себептерди атады:
60+
Организм карыган сайын катуу уйку фазасы дагы азайып, айрым түндөрдө киши "чала жан" болуп жата берет. Андыктан улгайган адамдарга катуу уйкуга кетип, жакшылап эс алыш үчүн көбүрөөк убакыт талап кылынат.
Карыларга кам көрүү
60 жаштан өтүп калган адамды кайсы учурда болбосун уктап жаткан жеринен ойготпоого аракет кылгыла. Алар күн же түн дебей уйку келип турганда уктап алганы жакшы.
Жагымсыз түштөр
Жашы өтүп калган адамдарга адатта жагымсыз, түшүнүксүз түштөр көп кирет. Бул уйкунун бузулушунун дагы бир себеби.
Дары-дармектин кесепети
Өнөкөт оорулары барлар дайыма дары ичип жүрөрү белгилүү. Ошол эле кан басымды жөнгө салып же жүрөк ооруган учурда ичкен препараттар уйкуга терс таасир этиши мүмкүн.