Садыр Жапаров депутаттын мал үчүн салык салуу сунушуна каршы

Депутат бир кой-эчкиге 100 сом, бодо мал менен жылкыга 250 сомдон салык төлөтүүнү сунуштаган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров мал жандыкка салыктын түрүн киргизүү демилгесин колдобойт. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам долбоору коомдо терс пикирлерди жаратып, аны мамлекеттик бийликтин позициясы катары түшүнүп алгандар болгонун белгилеген.
"Президенттин жарлыгы менен 2022-жылдын апрель айында фермерлер жана дыйкандарга жеңилдиктер берилген. Анда айыл чарба багытында пайдаланган жерлер 3 жылга салыктан бошотулган. Аталган мөөнөт аяктагандан кийин жер салыгынан бошотуу тууралуу маселе кайра каралат. Демек, президент Садыр Жапаров фермерлерге жана дыйкандарга жеңилдик шарттар түзүлүшү керек деп эсептейт. Ошондой эле депутаттардын мал жандыкка салыктын түрүн киргизүү демилгесин колдобой турганын кабарлайбыз", — деп билдирди маалымат кызматы.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев эгер бир үй-бүлөнүн кой-эчкисинин саны 40тан, бодо малдын башы үчтөн ашса жана эки жылкыдан ашык мал кармаса салык төлөөгө милдеттендирүүнү сунуштаган. Салыктын ставкасын жылына бир кой-эчкиге 100 сом, бодо мал менен жылкыга 250 сомдон белгилөө каралган. Мыйзам долбоору учурда коомдук талкууда турат.
Балбак Түлөбаев: бюджетке 2 млрд. сом түшпөсө казинолорду кайра жабалы