Өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин 1992-жылы 29-майда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрү түзүлүп, союздан калган аскер бөлүктөр көз карандысыз мамлекеттин көзөмөлүнө өткөн. Андан бери кыргыз жоокерлери өз милдетин ишеничтүү аткарып келет. Мисалы, коңшу Тажикстандагы 1992-97-жылдардагы жарандык согуш маалында Кыргызстандын тынчтык батальону биринчилерден болуп жардамга кол сунуп, тажиктердин 100 чакырым чек арасын кайтарып берген. Беш жылда 5000дей кыргыз жоокери кызмат өтөгөн. Кийин 1999-2000-жылы Кыргызстандын түштүгүнө кирип келген террорчулардын мизин кайтарган. Акыркы жылдары кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяларда өз өмүрүн аябай мекенди коргошту.
Тема боюнча: