БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Спорт менен машыгып, көп кыймылдап, дене тарбиялык көнүгүүлөрдү жасап жүргөн адамдар ооруга чыдамдуу болуп, аны жеңилирээк көтөрөт. Бул тууралуу Plos One басылмасы изилдөөчүлөрдүн экспериментине таянып жазган.
Анда белгиленгендей, норвегиялык окумуштуулар 10 миң адамдын саламаттыгына анализ жасап көрүшкөн. Изилдөөгө катышкан адамдар кыймылынын деңгээли тууралуу маалыматтарды беришкен. Изилдөөчүлөр өздөрүнүн түрдүү тесттери, анын ичинде колду муздак сууга салып туруу сыяктуу сынактардан өткөрүп, ооруга чыдамдуулугунун деңгээлин такташкан.
Жыйынтыгында көп кыймылдаган, дене тарбиялык көнүгүүлөрдү жасаган адам кыймылы азга салыштырмалуу ооруга чыдамдуураак болору аныкталган. Ошол эле учурда канчалык кыймылы көп болсо анын ооруга чыдамдуулугу ошончолук жогору экендиги белгилүү болгон.
Бирок окумуштуулар спорт менен ооруга чыдамдуулуктун кандай байланышы бар экендигин азырынча айтууга мүмкүн эмес экенин билдиришкен.