Бээ саап, токой аралап... Кыргыздардын жай мезгилиндеги турмушу сүрөттө

Жайдын аптаптуу күндөрү жакындаган сайын мөңгүлөрдөн суу кенен түшүп, кокту-колоттордо гүлдөрдүн жыты буркурап, эл эс алууга камынат. Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыздардын жай мезгилиндеги архивдик сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik
Жайда дыйкандар талаада кызуу иштеп, сугат, отоо, чөп чабык менен алектенсе, чабандар тоодо бээсин саап, алыскы конуштарга көчөт. Ал жактагы кошуналардын жазгы козулары чөптүн гүлүн терип отоп эттенип, шеринелер башталат. Ошол маалда өлкөнүн кооз жаратылышын, жапайы жаныбарларын көргүсү келгендер арбып Кыргызстанга агылат.
1 / 22

Жаздоодон жайлоого көчкөн кыргыздар. 1937-жыл

2 / 22

Жайлоодо жөө оодарыш ойногондор, 1928-жыл

3 / 22

Фрунзе шаарындагы базарда кымыз саткан жылкычылардын аялдары. 1936-жыл

4 / 22

Жылкычы Асеин Мамбетов үй-бүлөсү менен жайлоодо кымыз ичип отурат. 1978-жыл

5 / 22

Ээн талаада күч сынашкан балбандарга көз салган чабандар. 1959-жыл

6 / 22

Ысык-Көлдөгү "Чолпон-Ата" санаторийинде эс алган окуучулар. 1956-жыл

7 / 22

Алыскы жайлоодогу чабандарды жана алардын балдарын медициналык кароодон өткөргөнү келген дарыгерлер. Нарын облусу, 1987-жыл

8 / 22

Дачадагы алма бакта чөп чапкан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов уулдары Санжар, Аскар менен. 1977-жыл

9 / 22

Бош убактысында китеп окуп эшегин откозгон карыя. Жалал-Абад облусу, 1976-жыл

10 / 22

Көл жээгинде аттары сууга түшкөн өспүрүмдөр. 1980-жыл

11 / 22

Кымыз даярдоо. Чарбалык иштерин сүйлөшүп бээ сааган жылкычынын жубайы

12 / 22

Токтогул ГЭСинин курулушуна кол кабыш кылып келген студенттер жайында Сары-Челек көлүндө эс алып жүргөн учур

13 / 22

Тоо койнунда көпөлөк кубалаган Педагогикалык институттун биология факультетинин мугалимдери менен студенттери. 1981-жыл

14 / 22

Сууда кайык менен жарышкан спортчулар. 1975-жыл

15 / 22

Жырткыч жаныбарларга бүркүт салып аңчылык кылган мергенчилер

16 / 22

Борбор калаадагы "Кыргызстан" мейманканасынын алдындагы фонтандагы сууга түшкөн окуучулар

17 / 22

Жети-Өгүз капчыгайына чер жазганы бара жаткан эс алуучулар

18 / 22

Тянь-Шань тоо кыркаларына машыгууга чыккан альпинисттер эс алып отурат. Алардын арасында советтик, канадалык спортчулар бар. 1986-жыл

19 / 22

Жайында дайыма кымызы даяр, дасторкону жайык чабандарга тоого концерт коюп барган маданият кызматкерлери

20 / 22

Тоо аралаган кичинекей пионерлер. Союз маалында алар үчүн атайын лагерлер уюштурулган

21 / 22

Төлдөгөн малына, чоңойгон козуларына кубанган Ленин колхозунун малчысы Абдыкадыр Баялиев. 1970-жыл

22 / 22

Алай районунда альпинисттер үчүн даярдалган чатыр шаарча. 1974-жыл

Тема боюнча:
Энелердин майрамын утурлай. Өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон мыктылардын сүрөтү
Кербен жолдун боюндагы шаар. Караколдун архивдик сүрөттөрү
Тыным көрбөгөн кыз-келиндер менен балдар. Кыргызстандын Улуу Жеңишке кошкон салымы