Чет өлкөгө чыкпай калбаш үчүн карыздын бар-жогун кантип билиш керек. Жол-жобосу

Алимент, "Коопсуз шаар", электр энергиясы жана коммуналдык төлөмдөр боюнча карыздар болсо чет өлкөгө баратканда көйгөй жаралат.
Sputnik
Кечээ парламентке келген Сот департаментинин директору Медербек Сатыев карызды аэропорттон төлөө системасы иштелип жаткандыгын айтты.
"Карыз 500, 1000 же 2000 сом болобу, айырмасы жок. Аны аэропорттордо орнотулган терминалдарга төлөп, кутулуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Карыздан улам чет өлкөгө чыкпай калуу тобокелдиги 10-20 мүнөттө чечилет. Азыр сыртка чыгууга тыюу салуу жана аны алуу сот аткаруучунун чечими менен болот. Бул маселе эми автоматташтырылган система аркылуу чечилмекчи. Программа иштелип чыкты, баары даяр", — деди Сатыев.
Азыр бул система иштей элек, ал эми төмөндө карыздарыңыздын бар-жогун билип алуунун жол-жобосун сунуштайбыз.
Ар кыл жагымсыз кырдаалга кептелип калбаш үчүн алгач Сот депратаментинин сайтына баш багып, "Проверка статуса задолженности" деп аталган рубрикага киресиз. Ал жерден ар бир жаран өзүнүн жеке кодун киргизип, маалымат алса болот.
Эгерде "Должник не найден" деген жазуу чыкса, демек, сыртка чыгарда маселе жаралбайт.
Чектөө ИИМ жактан да болушу мүмкүн, Сот департаментинин сайтында бул көрсөтүлбөйт. ИИМден бул маалыматты алууга мүмкүн эмес болгондуктан Чек ара кызматынын (0312) 54–38–36 телефонуна чалып билсеңиз болот.
Мындан сырткары, өзүңүз турган райондун сот аткаруучулары менен байланышып да билүүгө болот. Эгерде иш сотко өтүп кетсе, алар карызды өз ыктыярыңыз менен төлөгөнгө 10 күн берет.
Электрондук кызмат мамлекеттик порталына 20 кызмат киргизилди. Тизме