Депутат Масалиев: АКШ кааласа санкция салгыдай бизге ата болуп кеттиби

Эл өкүлү АКШнын алдында Кыргызстандын эч кандай милдеттемеси жок экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев АКШнын кыргызстандык компанияга санкция киргизгенин сындады.
"Жакында Америка биздин айрым фирмаларга санкция киргизиптир. Кыргызстан менен АКШнын ортосунда келишим жок. Эч кандай карызыбыз, милдетибиз жок. Анан жөн эле санкция киргизе береби?", — деп нааразы болду депутат.
Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев бул санкцияларды АКШ жана Европа биримдиги Украинадагы окуяларга байланыштуу киргизип жатканын билдирди. Ошондой эле ал буга чейин АКШдан, Улуу Британиядан, ЕБден делегациялар келип "микроэлектроника, чиптер АКШда же ЕБде жасалган болсо санкцияларды колдонобуз" деп айтканын белгиледи.
Бирок Масалиев эки өлкөнүн ортосунда эч кандай келишим жок болгондон кийин санкция киргизүүгө укугу жоктугун айтты.
"Ал мамлекетти "айланайын сен кимсиң, маселе жок күчтүүсүң, байсың, бирок биз эгемен мамлекетпиз" деп реакция кылып койсоңор жакшы болмок. Ал жакта элчибиз бар "кой антпе, сен эмне бизге ата болуп кеттиңби" деп кичине үнүн чыгарып койсун. Кеп корккон-коркпогондо эмес, сый болуш керек да. Бүт дүйнөгө санкция киргизем деп коркутканы болбойт", — деди эл өкүлү.
Андан соң Молдогазиев кыргызстандык бир эле компания санкцияга илингенин айтып, ТИМ ал боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.
Эске салсак, АКШ өткөн жумада электрондук жабдууларды жеткирип иштеген кыргызстандык Tro.Ya ишканасына санкция салган.
Саясат таануучу: АКШ Борбор Азия менен коркутуп-үркүткөн ыкмада сүйлөшө баштады