Энелердин майрамын утурлай. Өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон мыктылардын сүрөтү

Май айынын үчүнчү жекшембисинде өлкө аймагында Энелер күнү белгиленет. Бул датага утурлай Sputnik Кыргызстан агенттиги сыртта мамлекеттин ишин кылып, үйдө уул-кыз тарбиялаган ак элечек, ак жоолукчан апалардын сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik
Коомдук-саясий окуяларга активдүү катышып, эл башкаргандардын сап башында Алай ханышасы - Курманжан датка, Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары, мурдагы тышкы иштер министри Жамал Ташыбекова, 22 жыл Маданият министрлигин жетектеген Күлүйпа Кондучалова, Кыргыз ССРинин социалдык камсыздоо министри болуп 25 жыл иштеген Батыш Салиева, Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлигин 17 жылдан ашык башкарган Сакин Бегматова, Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева бар.
Ал эми маданият, искусство, билим берүү, айыл чарба тармагына эмгек сиңиргендердин арасына актриса Сабира Күмүшалиева, кыргыздан чыккан биринчи стенографист Айша Карасаева, опера ырчы Сайра Кийизбаева, Кайыргүл Сартбаева, Социалисттик эмгектин баатыры, кызылчачы Зууракан Кайназарова, таланттуу актриса Таттыбүбү Турсунбаева, комузчу Самара Токтакунованы кошууга болот.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда аталган дата президенттин жарлыгы менен 2012-жылдан бери белгиленүүдө.
1 / 19

Көчмөн кыргыз эне бала-бакырасы, жакындары менен

2 / 19

Алымбек датканын дүйнөдөн кайтышы менен эл башына келген көп балалуу Курманжан датка. Ал өмүрүнүн аягына чейин журт башкарган

3 / 19

Кийиз жасаган апалар. Сүрөт XIX кылымдын экинчи жарымында тартылган

4 / 19

Балдарын учкаштырып алып жаңы конушка жол тарткан эне. Алай өрөөнү, XX кылымдын башы

5 / 19

Ак элечекчен энелер. Сүрөт 1937-жылы тартылган

6 / 19

Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри болуп иштеген Жамал Ташыбекова

7 / 19

Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры, кызылчачы Зууракан Кайназарова неберелери Төрөбай жана Жамал менен. 1973-жыл

8 / 19

31 жашында Кыргыз ССРинин социалдык камсыздоо министри болуп, ал мекемени 25 жыл, республикалык кесиптер бирлигинин кеңешин жети жыл жетектеген Батыш Салиева

9 / 19

Чүйдүн эмгекчил апалары кызылча талаасында тамактанууда

10 / 19

Күлүйпа Кондучалова 1953-жылы Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары болуп, ошол эле маалда Кыргыз ССРинин тышкы иштер министринин милдетин да аткарган. Кийин 22 жыл Маданият министрлигинин башында турган. Сүрөттө биргеликте бир уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн жолдошу Абды Оролбаев менен

11 / 19

СССРдин эл артисттери – атактуу актриса Сабира Күмүшалиева, опера ырчы, залкар Сайра Кийизбаева жана көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Күлүйпа Кондучалова. Кыргыз ССРиндеги аялдардын VIII съезди

12 / 19

СССРдин эл артисти, сахна чебери Бакен Кыдыкеева кесиптеши Болот Бейшеналиев менен. Актриса өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин театрда эмгектенген

13 / 19

Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 100дөн ашык, кинодо ондогон роль аткарган СССРдин эл артисти Даркүл Күйүкова. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты төрт уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн

14 / 19

Кыргыз стенографиясынын негиздөөчүсү Айша Карасаева (Түмөнбаева) өмүрүн илимге арнап, далай эмгектерди жараткан. Сүрөттө ал жолдошу, атактуу илимпоз Кусеин Карасаев экөө небереси менен

15 / 19

Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлигин 17 жылдан ашык башкарган Сакин Бегматова

16 / 19

Сахна ханышасы делген атактуу балерина Бүбүсара Бейшеналиева. Ал талыкпаган эмгегинин аркасында СССРдин эл артисти наамын алып, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыган

17 / 19

СССРдин эл артисти, залкар комузчу Самара Токтакунова уулу Асландын скрипкада, Актандын фортепианодо ойногонуна көз салууда

18 / 19

КМШдан чыккан биринчи аял президент Роза Отунбаева кесиптештери менен. Азыр КРдин экс-президенти Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын Афганстан боюнча атайын өкүлү жана БУУнун Афганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын (UNAMA) жетекчиси болуп иштеп келет

19 / 19

Таттыбүбү Турсунбаева болочоктогу актриса Анара Макетаева менен

Тема боюнча:
Дүйнөлүк ачылыштарга катышкан кыргызстандык илимпоздор. Сүрөт түрмөк
Тыным көрбөгөн кыз-келиндер менен балдар. Кыргызстандын Улуу Жеңишке кошкон салымы